// //

Өбүшүүсүз жыныстык катнашка барган болбойт. Исламдагы төшөк этикасы

2020.02.06, 11:37
7250

Өткөндө шарият аял жана эркектин интимдик мамилесинде эмнелерге жол бербей турганын санап бергенбиз. Бул ирет исламдагы төшөк маданияты тууралуу кызыктуу маалыматты төмөндөн окуй аласыз. 

1) Мүмкүн болушунча регулярдуу секс: Мусулман бардык жагынан, анын ичинен интимдик мамиледе дагы аялына тийиштүү көңүл бурушу керек.  Кудайдын элчиси минтип айткан: “Силердин аялыңарда укугуңар бар, ал эми аялыңардын силерде укугу бар”.

2) Кошулганга чейин сылап-сыйпоо, эркелетүү, өбүшүү: Азирети Мухаммад (с.а.в): “Кирүү бөлүгүнөн өтүп, айбанаттар сыяктуу жубайыңар менен жыныстык катнашка барбагыла”.  Андан кийин сахабалары кеп кайсы кирүү бөлүгү тууралуу болуп жатканын сурашкан. Ошондо Мухаммад (с.а.в) мындай деген: "Өбүшүү жана баарлашуу".

3) Кайталап кошулганда жууну: Бул интимдик гигиенага болгон талап төмөнкү хадисте камтылган: “Эгер кимде ким жыныстык катнашка барып, аны кайталоону чечсе, анда эки акттын ортосунда жуунсун".

4) Интимдик маалыматты таратуунун кереги жок: Пайгамбарыбыз Мухаммад (с.а.в) үйрөткөн: “Чынында, кыямат күнү кудайдын алдындагы адамдардын эң жаманы болуп, жубайы менен жыныстык катнашка барып, андан кийин аялынын сырларын жайган эркек эсептелет”.

Маалымат www.islam.global сайтынан алынды. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт