// //

Кайын атам картошка аарчып жардам берет

2020.02.06, 15:26
4559

Кайын атамды жетимиште деп эч ким айтпайт. Ак чачтары менен жүзүндөгү бырыштары эле билгизип койбосо, мындай караганда жапжаш. Карыдым деп жатып албай күн сайын эртең менен физикалык көнүүгүлөрдү жасайт. Жөө басканды жактырат. Балдары машина алып берели десе болбой койду. Ишти ылгабайт. Эмне болбосун жасай берет. Эң негизгиси баарына тегиз караган ак көңүл киши.

Кээде неберелерине кошулуп PUBG ойнойт.

“Кел, картошканы аарчып берейин, сен этиңди кууругуча даяр болуп калат”, жеңин түрүп кайын атам жаныма келе калса таң калдым. Келин болуп келгениме беш эле күн болгон. Куурдак жасап жаткам. Башымды ийкеп макул болдум. Кайын энем көрбөсө экен деп ичим уйгу-туйгу. Бул учурда кайын атам кыңылдап ырдап картошка аарчый берди. Эшик ачылып кайын энем кирип келди. “Өлдүм!” дедим. “Ай, таза аарчы, тигине кабыгы калып калыптыр”, -деп тамашалап басып кетти. Кызык, бул кандай үй-бүлө?

Эч ким мажбурлабайт, суранбайт. Баарын өз каалоосу менен жасайт.

Суу ташып берет, терезе жуушат, боорсок кессем, бышырат, айтоор кайын атам ар дайым кол кабыш кылат. “Күйөөң кайда?” деген суроо узатып жатсаңар керек. Атасынан кем калбаган сонун жолдошум бар. Эки жумушта иштейт, чарчап келгенине карабай  жардам берет. Кимди тартканын билип турсаңар керек.

- Жаным, бир нерсе сурасам болобу?

- Албетте.

- Атам аябай элпек экен.

- Эми, менин атам да.

- Силерге да мендей болгула деп айтты беле.

- Түшүнбөдүм?

- Эми, сен дагы жардам бересиң дегендей.

- Атам эч качан мындай кылгыла деп кур сөздөрдү айтчу эмес, ал эмне кылуу керек экенин жүрүм-туруму менен көрсөтчү. Ар дайым апамдын жанында жүрөт эле: кир жууса суу ташыйт, тамак жасаса картошкасын аарчыйт, бала эмизип отурса жалаяктарын жууйт дегендей. Кичинебизден муну баарын өз көзүбүз менен көрүп чоңойдук.

Курбуларыма кайын атам менен күйөөм жардам берет десем, айрымдары суктанат, кээ бирөөлөрү “подкаблучник го” дейт. Көңүлүмө албайм. Анткени алар чыныгы эркек экенин билем.

Кечээ конок тосконбуз. Салаттарга керектүү нерселердин баарын кайын атам туурап берди. Күйөөм колдоруна суу куюп, чай сунуп олтурду. Кайын энем экөөбүз ары-бери чуркап тамак даярдап жүрдүк. Коноктор түн ортолоп калганда кетишти. Апам экөөбүз ушунчалык чарчадык дейсиңер, азыр кичине эс алып алалы деген боюнча уктап калыппыз. Эртең менен турсак идиштер жуулуп, дасторкон жыйналып турат. Ким кылды дейсиңер? 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт. 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Атам "тур, үйүңө жөнө" десе, апам “келиниме сүйлөбө" дейт

Кайын энем “эмне ыйлайсың, төрөбөй жүргөн сен эле бекен” деп көзүмдү ачты

Ооруп төшөккө жатып калгандан кийин кайын энемдин ким экенин билдим

Кышында да эшикке жуунасыңарбы деп кошунабыз каткырып шылдыңдады

Нанга жетпей отурсак, туугандар пардаңар кантет деп сынап кетишчү

Күйөөмө жатыным жок экенин айтсам, берген жообу таң калтырды

Апамды 10 баласы менен таштап кеткен атам бутубузга турганда кайтып келди

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт