// //

Лаура Өмүралиева: Сүйүүгө муктаж эркек ичет

2018.11.05, 14:31
2725

Белгилүү коуч Лаура Өмүралиева түз эфирибизде конокто болуп, көрөрмандар суроолоруна жооп берди.

Коуч – машыктыруучу, устат.

Коучинг - адамдардын алдына койгон максатына жетүүгө жардам берген жаңы кесип жана багыт.

Саламатсызбы, сизге суроом бар эле. Күйөөм жол кырсыгына кабылган, 2-топтогу майып. Акыркы күндөрү көп иччү болду. Ага болгон сезимим сууп баратат. Эмне кылсам болот?

Алия, 25 жаш

Урматтуу айым, абалыңыз оор экен. Баары өзүңүздөн көз каранды. Сүйүүгө муктаж эркек ичет. Себеби арак менен сүйүүнүн энергиясы окшош. Андыктан күйөөңүзгө көбүрөөк сүйүү, камкордук бергенге аракет кылыңыз. Ал үчүн өзүңүздө энергия толтура болуш керек. Консултацияга келсеңиз болот.

Эмне үчүн аялдар турмуш кургандан кийин өздөрүн таштап коёт?  

Алишер, 15 жаш

Айымдар турмушка чыкканда, бала төрөгөндө энергиясы кетип, өздөрүн карабай калышат, көйгөйү, түйшүгү көп болсо дагы чарчайт. Ал үчүн аял заман агымынан артта калбай жаңы нерселерди окуп, спорт менен машыгып, тренингдерге катышып, өзүн баалаганды үйрөнүшү керек.

Айымдардан “Сени кайсы сапатың үчүн жакшы көрсө болот?” деп сурасам, көбү “мен сулуумун, фигурам сонун” эмес, “жоопкерчиликтүүмүн” дешет. Жоопкерчилик – эркектерге тиешелүү сапат. Өкүнүчтүүсү аял өзүн ким экенин жакшы биле албай, көп ката кетирип жатат. 

Турмушка чыкчу убактым келди. Үй-бүлө эмнеден куралат? 

Алина, 23 жаш

Эң биринчи сүйүү, анан сый. Аял өзүн сыйлап, күйөөсүн ар тараптан колдоп турушу керек.

Үйлөнгөнүбүзгө бир жыл болду. Кайын журт менен турабыз. Бири-бирибизди эркелетпейбиз. Кантип күйөөмдү манипуляция кылсам болот? Аял катары эркелегим келет.

Айбийке, 22 жаш

Манипуляциядан жакшы нерсе чыкпайт, аны колдонбой эле коюңуз. Күйөөңүзгө көбүрөөк сүйүү берсеңиз, өзү эле эркелетет. Баш кошконуңарга бир эле жыл болуптур, кичине убакыт керек. Кайын журттан уялып жатсаңар, өзүңөрдүн бөлмөңөрдөн бири-бириңерге жакшы мамиле жасагыла.

Бир кыз мага көңүлү бар экенин айтты. Эмне кылсам? Кеңеш бериңизчи.

Айбек, 20 жаш

Айбек, кыздарга жакшы мамиле жасаш керек. Айымдар назик келет, катуу айтып сезимин оорутуп албай, сылык болуңуз.

Кыз жигитке сезимдерин биринчи билдирсе болобу?

Айназик, 18 жаш

Болот. Дароо айтып жибербей, алгач стратегия түзүп алыңыз. Процесс тыкан, кооз жана назик болушу керек.

11-класста окуйм. Кыздар менен сүйлөшө албайм. 

Бекболсун, 17 жаш

Сизге тажрыйба керек. Баарын кичинеден баштаңыз. Карындашыңыз же кошуна кыздар менен сүйлөшүңүз. Эч нерседен коркпой, кайра- кайра жасап, өзүңүздү машыктырыңыз. Эр жүрөк болуңуз.

Карындашым 14 жашта. Кийингени, сүйлөгөнү, кыймыл-аракеттери эркектердей. Кантип назик кылсак болот?

Азат, 23 жашта

Аял назик болуп төрөлөт, ага үйрөтүүнүн кереги жок. Карындашыңыз 14тө экен. Убакыттын өтүшү менен адаты калат. Кыз кишиге кийингенди, өзүн алып жүрүүнү үйрөтүп, айтып туруш керек.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт