Еврей макалы: Жаман аялдан кудай сактасын, жакшыларынан өзүң сактан!
2020.02.03, 16:03
3959
Башка элдин баалуулуктарын жана маданиятын жакшы түшүнгүң келсе, алгач учкул сөздөрү, макал-лакаптары менен таанышып чыгуу керек. Жөөтөрдүн куулугу, акылдуулугу, юмору тууралуу көптөгөн уламыштар жана анекдоттор айтылып келет. Bilesinbi.kg алардын макал-лакаптарын окурмандарына сунуштайт.
- Эгер сиздин көйгөйдү акча менен чечүү мүмкүн болсо, демек бул көйгөй эмес, бул чыгаша.
- Билим атадан балага өтө турган мурас эмес.
- Жакшылык көпкө унутулбайт, ал эми жамандык такыр эстен кетпейт.
- Кудай адамга эки кулак бирок бир ооз берген. Көбүрөөк тыңдап, аз сүйлөсүн деп.
- Жаман аялдан кудай сактасын, жакшыларынан өзүң сактан.
- Эч кимге ич күйдүлүк кылба, ар бир адамга өз өлчөмү менен кайгы берилет.
- Элдин баары акча жок деп нааразы, акылым жок деген киши жок.
- Ашыкча таттуу болбо, жеп коюшат, ашыкча ачуу болбо түкүрүп салышат.
- Ата-эне балдарын сүйлөгөндү үйрөтөт, балдар ата-энесин унчукпай турганды үйрөтөт.
- Кыларга жумуш калбай калганда, улуу иштер жасала баштайт.
- Баласы жоктор балдарга мыкты тарбия беришет.
- Тажрыйба – деген сөз менен адамдар өздөрүнүн жаңылыштыктарын атап алышкан.
- Ак чач карылыктын белгиси, акылдуулуктун эмес.
Моника Беллуччи: Сулуулук аял үчүн эки учурда көйгөй жаратышы мүмкүн
Анджелина Джоли: Эриндерим сүйүктүүмдү өбүү үчун керек экенин кийин түшүндүм
Конфуций: Артыңан сөз кылышса, демек сен алдыда баратысың
Илон Маск: Көл жээкте эс алып жатууга рагасыз болсом, наркоман болуп кетмекмин
Мерилин Монро: Мен жакшынакаймын, бирок ашынган сулуу эмесмин
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.