// //

Анджелина Джоли: Эриндерим сүйүктүүңдү өбүүгө керек экенин кийин түшүндүм.

2019.07.05, 18:21
2742

Анджелина Джоли дүйнөдөгү эң сулуу айымдардын катарына кирет. Алты баланын энеси жолдошу менен ажырашып, азыркы тапта балдарын жалгыз тарбиялап жаткан чагы. Анын мыкты цитаталарын Bilesinbi.kg чогултту.

  • Чечкиндүү болгула, жаңылуудан коркпогула. Булардын бардыгы сизди жандуу адам кылат.
  • Башка бирөөнүн көйгөйлөрү тууралуу укпасак же билбесек, демек алар жок дегендик эмес.
  • Өзүмө болгон ишенимим ар дайым төмөн болчу. Менимче бул бардыгынын башынан өтөт. Менин кемчиликтерим өтө көп.
  • Денеңдеги жана жан дүйнөңдөгү тактар символикалуу. Алар сенин жаңылганыңды жана кандай жаза алганыңды көрсөтүп турат.
  • Сени бирөө сүйгөндө, анан сен ага бакыт тартуулап жатканыңды түшүнгөндө өзүңдү дүйнөдөгү эң сулуу адам сезет экенсиң.
  • Өзүңдүн жаныңды өзүң кыюу, кудайга чакыруусуз барып алганга тете.
  • Айырмаланып туруу абдан сонун! Эгер сага башкачасың деп айтышса, башыңды өйдө көтөрүп, өзүң менен сыймыктан.
  • Эне болгондон кийин гана менде мээрим жана жылуулук бар экенин түшүндүм. Жоопкерчилик пайда болду. Ден соолугума кам көрүп, жаман адаттарыман арылдым.
  • Эмнегедир өзүмдү акылы жок, оозу чоң куурчактарга окшоштурчумун. Жыл өткөн сайын өзүңдү кабыл алганды үйрөнөт экенсиң. Жакпаган эриндерим сүйүктүүңдү өбүү үчүн керек экенин кийин түшүндүм.
  • Биз күндө эртең менен бүгүн кандай адам боло турганыбызды тандайбыз.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт