// //

Мерилин Монро: Мен жакшынакаймын, бирок ашынган сулуу эмесмин

2019.04.05, 16:35
3277

Америкалык актриса, өткөн кылымдын 50- жылдарынын секс-символу Мерилин Монро бүтүндөй бир доордун жаркын жылдызы. Анын чагылгандай кыска жана табышмактуу тагдыры азыркы күнгө чейин кызыгууну жаратат. Мерилин Монро эң атактуу “блондинка” катары миллиондогон күйөрмандарынын эсинде калды. Bilesinbi.kg актрисага таандык цитаталарды жазды.   

  1. Карьера албетте сонун нерсе, бирок ал бир да адамдын муздак төшөгүн жылыта алган эмес.
  2. Ийгилик абдан даамду, бирок ал ашыкча көп болгондо жүрөктү айлантат.
  3. Тагдыры басынткан эркек гана аял затын кордойт.
  4. Эгер мен бардык эрежелерди сактасам, мындай ийгиликке жетишмек эмесмин.
  5. Мырзанын жанында ар дайым жакшы болуш керек, жаман жашоону мен жалгыз жүрүп деле камсыздай алам.
  6. Өткөн чакты кое бергенди билүү керек, ошондо келечектин келишине мүмкүнчүлүк бересиң.
  7. Бирөө менен бактысыз болгондон көрө жалгыз калган артык.
  8. Чынын айтсам мага менин жакшы жактарымды гана көргөн мырза керек эмес, мага, менин терс жактарымды билип туруп, мени менен калууну каалаган эркек керек.
  9. Мага акылы жок деп айткандарга таарынбайм, себеби андай эмес экенин билем.
  10. Биз сулуу айымдар акылсыз болууга аргасызбыз, мырзалардын тынчын албаш үчүн.
  11. Ар дайым өзүңө ишен, эгер сен өзүңө ишенбесең, сенден башка сага ким ишенет?
  12. Мен жакшынакаймын, бирок ашынган сулуу эмесмин. Менин кунөөлөрүм толтура, бирок мен шайтан эмесмин. Мен жакшы аялмын, бирок периште эмесмин.

 Бул жерден Моника Беллуччинин цитаталарын окусаңыз болот.  

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт