// //

Моника Беллуччи: сулуулук аял үчүн эки учурда көйгөй жаратышы мүмкүн

2019.03.29, 17:38
9367

Моника Беллуччи италиялык актриса. Ал дүйнө жүзүнө өзүнүн сулуулугу жана таланты менен гана таанылбастан, терең акылы жана таамай айтылган сөздөрү менен белгилүү. Bilesinbi.kg Моника Беллуччинин мыкты цитаталарын чогултту.

  • Сулуулугуң кийим менен жабылып турганда жандуу жана кызыктуу боло түшөт.
  • Сулуулук бул чындап эле укмуштуудай күч. Бирок, аны менен колдоно билүү керек. Эгер сенин Ферарриң болуп туруп, чындап айдаганды билбесең, анын кереги эмне?
  • Сулуулук аял үчүн эки учурда көйгөй жаратышы мүмкүн: сулуулук жок болгондо жана сулуулуктан башка эч нерсе жок болгондо.
  • Карыганда мен күзгүнү каранбайм, мен өзүмдүн балдарымды карайм.
  • Аял киши эч качан кетпечүдөй сүйө алат. Бирок, бир күнү, эч качан сүйбөгөндөй кетип калышы мүмкүн.
  • Сен өзүңдү сулуумун деп эсептегенде гана сулуу болосуң. Башкалар эмне деп ойлошот баары бир.
  • Башкалар адамдын акылына, керек болсо талантына да баа бере алышат. Бирок, анын сулуулугун эч качан кечире алышпайт.
  • Сага ичи күйгөндөрдү жек көрүүнүн зарылчылыгы жок. Себеби, алар сенин мыкты экениңди моюнга алып жатышат.
  • Мен жакшы энемин. Бирок бул мен жакшы аялмын дегендик эмес. Мен тобокелчиликке барганды жактырам.
  • Аял канчалык күчтүү болбосун, өзүнөн күчтүрөөк эркекти күтөт. Ал эркек анын эркиндигин чектеп салсын деп эмес, ал эркек аялга алсыз болууга шарт түзүп берүүсү үчүн.

Голливуддун атактуу актрисасы Мерилин Монронун цитаталарын бул жерден окуй аласыз.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт