// //

Жеңем байкеме бийлеп берээрин угуп таң калдым

2020.01.25, 12:41
9058

- Кел чай ич.

- Рахмат жеңе аябай тойдум. Жолго чыгышым керек. Шаарга жеткиче кеч болуп калат.

- Сенден бир нерсе сурансам болобу?

- Ммм, болот.

- Эмкиде келгенде мага чыгыш бий костюмунун белге тага турган жоолугун ала келесиңби.

- Коюңузчу жеңе, тамашалап жатасызбы?

- Жок, тамашасы жок эле. Байкеңе бийлеп берсемби дегем.

- Аракет кылайын.

Сыртка чыгып алып жылмайдым. Жеңемдин бул өтүнүчү мен үчүн аябай таң калыштуу болду. Такси келип калды. Ошентип шаарга жөнөдүм.

Биринчи курстун студентимин. Эки бир тууганбыз. Жалгыз байкем өткөн жылы күзүндө үйлөнгөн. Той берип элден бата алдык. Айылда ата-энем менен турушат. Баса, жеңем мектепте музыка сабагынан мугалим. Жаңы келгенде көпкө бирге сүйлөшүп отура берер элек. Ошондо бийчи болгусу келгенин айтса керек. Анда бул сөздөрүнө көңүл  бурган эмесмин. Жолдо баратып эсиме түштү.

Байкем аябай боорукер. Апама, мага, жеңеме өзгөчө мамиле кылат. Майрамдарда ар дайым белек берет. Туулган күндөрүбүздү биринчилерден болуп куттуктайт. Себепсиз гүл тартуулаганды жактырат. Кыскасы, жүрөгү таза романтик жигит.

Өзүм жатаканада жашайм. Дем алыш күндөрү айылга барып турам. Барган сайын жеңем менен байкемдин сүйүүсүнө суктанып келем. Тамашалашып жөн сүйлөшүшпөйт. Бири-бирине “мамалагым”, “жарымым” , “аппагым”, “боорукерим” деп кайрылышат. Сюрприз жасаганды жакшы көрүшөт. Жайында суу чачышып ойношсо, кышында байкем жеңемди карга жуунтат, же бирге муз тебишет. Экөөнүн жаш баладай жоруктарын көрүп ата-энем күлүшөт. Үйүбүздөгү атмосфера аябай сонун. Ошон үчүн ар бир дем алышта айылга жөнөйм.

- Эже, бул канча сом?

- Костюм толугу менен 1500, жоолугу өзүнчө 500 сом болот.

- Мага жоолугун бересизби?

- Эмне чыгыш бийине кызыгасыңбы?

- Мен эмес жеңем.

- Жеңем?

- Ооба, жеңем. Рахмат. Жакшы калыңыз.

Кийин менин да үй-бүлөм жеңем менен байкемдикиндей болсо экен деп тиленем. Аларда баары бар: сый-урмат, түшүнүү, жылуулук, эң негизгиси сүйүү.

- Жеңе, табыңызчы, мен сизге эмне алып келдим?

- Алтын кыз десе, чын эле алып келдиңби?

Бетимден өпкүлөп аябай сүйүндү.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт. 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кайын энем “эмне ыйлайсың, төрөбөй жүргөн сен эле бекен” деп көзүмдү ачты

Ооруп төшөккө жатып калгандан кийин кайын энемдин ким экенин билдим

Кышында да эшикке жуунасыңарбы деп кошунабыз каткырып шылдыңдады

Нанга жетпей отурсак, туугандар пардаңар кантет деп сынап кетишчү

Күйөөмө жатыным жок экенин айтсам, берген жообу таң калтырды

Апамды 10 баласы менен таштап кеткен атам бутубузга турганда кайтып келди

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт