// //

Абысынымдын балдарын карагым келбейт. Же милдеттүүмүнбү? Психологдун кеңеши

2020.01.16, 16:08
978

Турмушка чыкканыма 1 жыл болду. Мен келгенден баштап эле кайын энем небере багат болчумун деп, абысынымдын 5 баласын алдыртып алган. Бирок, бир күн да караган жок. Мага таштайт дагы, күндө той-аш, отуруш, деп жүрө берет, үйгө токтобойт. Неберелери менен иши жок.

Сенин оокатыңан үй тар болуп калды деп, сеп менен келген эмеректерибизди сыртка чыгарып салган. Анын айынан да күйөөм экөөбүз уруштук.

Абысынымдын балдары өтө шок. Бардык нерсени чачып, сындырып турушат. Чачпагыла, мен жаңы эле жыйнадым бул жакты, деп балдарды урушсам, күйөөм: бир туугандарымдын балдарын батырбайсың, деп кайра мени урушат. Ачуум келип, ата-энемдикине келип алгам.

Эми мага күндө чалып, балдарды карабай койдуң, кирлери жуулбай калды, деп нааразы. Балдарды өз апасы карасын десем, анда үйгө келбей эле кой, сенин керегиң жок, деди.

Мен абысынымдын балдарынын чычкан-сийгенин жууп, аларды багууга милдеттүү эмесмин го? Эмнеге мени түшүнүшпөйт? Же үй-бүлөмдү сактап калуу үчүн чыдашым керекпи?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
16.01.2020, 16:24

Саадат Сыдыкова

Психолог

Кайын энеңиз неберелерин алып келеби, алып келбейби, ал анын жеке иши. Сиз ага кийлигише албайсыз.  

Кыргызстанда көп эле үй-бүлөлөр ушинтип жашашат. Башкача айтканда, кайын энелер өзүнүн алдуу-күчтүү экенин көрсөтүп, бул үйдө бардыгы мен айткандай болот, деген позицияда болушат. Балким, атайын сиздин ачууңузга тийгиси келди. Мындай жүрум-турум психологиялык зомбулукка кирет.

Ал эми жолдошуңуз сизди агрессор катары кабыл алып жатат. Эмнеге балдарды урушасың, батырбайсың деген сөздөрү ошого далил. Биздин коомдогу эркектер ушундай тарбия алып калган: же биротоло энесинин тарабына өтүшөт, же биротоло аялы тарапта болот, тең салмактуулукту кармай алышпайт. Мындай учурда күйөөңүз сизди колдоп, кам көрүп, жылуу сөздөрүн айтса, сизге кыйла жеңил болмок.

Сизге бере турган бир гана кеңешим бар. Бул оор түшүнүп турам, бирок, колдон келишинче балдар менен тил табышканга аракет кылыңыз. Аларды өзүңүз тарапка өткөрүп алууга далалат кылып көрүңүз. Мисалы, үй жыйноону кызыктуу бир оюнга айландырыңыз. Алар сизге жардамчы болушсун.

Саадат Сыдыкова менен инстаграмдагы @psyhoanalysis.kg баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Мария Самсонова

Психолог

Кутман күн!

Жок, сиз башка бирөөнүн балдарын багууга милдеттүү эмессиз. Балдарды ата-энеси кароого тийиш – бул алардын милдети жана жоопкерчилиги.

Аларды карайсызбы же карабайсызбы, сиз гана чечесиз.

Карагым келбейт деген чечимди кабыл алып, ата-энеңизге кетип калдыңыз – бул күйөөңөр экөөңөрдүн ортоңордо конфликт жаратты, ал өз кезегинде сизди манипуляцилоого өттү.

Жеке каалоолоруңузду жана чек араңызды коргойсузбу, же жокпу, жакшылап ойлонуп көрүңүз. Эгер сиз үчүн ушундай үй-бүлөнү жана күйөөнү сактап калуу маанилүү болсо, анда чыдап, сабырдуу болуп, бирге жашоого аракет кылып көрүңүз. Эгер мындайга даяр эмес болсоңуз, күйөөңүз сунуштаган шартка макул болууга милдеттүү эмессиз.  

Жаш жубайлар үчүн өз алдынча жашоо идеалдуу вариант. Азыркы тапта ата-энеңердин үйүндө турасыңар, демек, алар койгон шарттарга көнүп, талаптарына макул болуудан башка аргаңар жок.

Ойлонуп, бир чечимге келиңиз.

Ийгилик!

Мария Самсонова менен инстаграмдагы @samsonova.psiholog баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот. 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт