// //

Коммуналдык кызматтарга акы төлөөнүн 4 жолу

2020.01.16, 10:53
927

Коммуналдык кызматтарга акы төлөөнүн ар кандай жолдору бар: накталай же карта менен, комиссиясыз же комиссиясы менен ж.б. Болгону ар ким өзүнө ыңгайлуу жолду тандайт. 

1. Почта

Коммуналдык кызматтардын акысын почта аркылуу төлөө айылдарда жана кичи шаарларда абдан популярдуу, ошондой эле улгайган адамдар көнгөн адаты боюнча почтага эле барууну эп көрүшөт. Эгер сиз почтага аркылуу төлөйм десеңиз, узун кезекке турууга даяр болуңуз. 

2. Банкомат

Банктык карта колдонгон адамдардын көбү коммуналдык кызмат акыларын комиссиясы жок банкомат аркылуу төлөшөт. Бул үчүн кайсы банктын кардары болсоңуз, ошол банктын банкоматынан "Кызматтарды төлөө" пунктун тандооңуз зарыл. Алуучунун аты-жөнүн, сумманы белгилеп, "Төлөө" баскычын баскандан кийин чек чыгат. Керек болгондо төлөмдөрдү ырастоо үчүн бул чекти сактап коюңуз.

3. Терминал

Терминалдарды банктан гана эмес, каалаган жерден - супермаркеттерден, АЗСтен, кафеден тапса болот. Банкоматтарга салыштырмалуу терминалдардын артыкчылыгы жана кемчилиги бар. Артыкчылыгы - банктык карталарды гана эмес, накталай акчаларды да кабыл алат. Кемичилиги - көпчүлүк терминалдар комиссия менен иштейт. 

4. Интернет аркылуу

Технология өнүккөн заманда үйдө отуруп алып эле каалаган төлөмдөрдү жүзөөгө ашырса болот. Мисалы: Balance.kg тиркемесин жүктөсөңүз акчасңызды үнөмдөй аласыз: комиссиясыз, кезексиз жана ашыкча чыгымсыз. Баары оңой! 

  • Balance.kg тиркемесин Google Play же AppStoreдон жүктөйсүз;
  • Тиркеме ичинен сканерди ачып квитанциядагы штрих-кодту сканерден өткөргөндө, коммуналдык кызматтын суммасы чыгат; 
  • "Төлө" баскычын басып төлөмдү жүзөөгө ашырасыз.

Бүттү! 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жашооңузду түп-тамыры менен өзгөртө турган тасмалар

Cаякатка чыгууга шыктандыруучу 5 тасма

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт