// //

Топ 5 акысыз билим берүү ресурстары

2019.12.23, 11:16
2371

Кошумча билим алып, жөндөмдөрдү арттыруу үчүн сөзсүз эле ири суммадагы акча төлөөнүн зарылчылыгы жок. Бул нерселерди акысыз жасоого мүмкүнчүлүк берген онлайн ресурстар бар. Bilesinbi.kg  бир гана убакытты талап кылган орус жана англис тилиндеги сайттарды тизмектеп чыкты. 

1. Academic Earth

Англис тилин мыкты билген адамдар үчүн билим берүү аянтчасы. Сайттан Гарвард, Пристон, Стэнфорд жана башка мыкты жогорку окуу жайлардын лекцияларын таба аласыз. 

 

2.TED

«Technology, Entertainment, Design» сөздөрүнөн кыскартылган, кыргызча которгондо «Илим, Искусство, Маданият». Илимпоздор, ишкерлер, сүрөтчүлөр, музыканттар, инженерлер жана башкалар өз идеялары менен бөлүшкөн белгилүү конференция. Дээрлик бардык видеороликтерде орус тилиндеги субтитрлер бар.

 

3. Школа Яндекса

Бул жерде Яндекс мектебинин лекциялары жүктөлгөн. Мектептин негизги максаты-  IT-индустриясы үчүн адистерди даярдап чыгуу. 

 

4. Сoursera

Сoursera ар кандай дүйнөлүк университтер менен кызматташып, ар түрдүү тармактагы курстарды алып барат. Угуучулар курстарды окуп гана тим болбостон, сайттан экзамен берип, тесттерден өтүп, тайпалаштары менен сүйлөшө алат. 

 

5. Еdx

Сайттан өзүңүзгө жаккан курстарды тандап алып, мисалы, музыка боюнча окуудан өтсөңүз болот. Болгону англис тили сиз үчүн көйгөй эмес болушу керек. 

 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жашооңузду түп-тамыры менен өзгөртө турган тасмалар

Cаякатка чыгууга шыктандыруучу 5 тасма

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт