// //

Аял оргазмга жетүү үчүн эмне кылышы керек?

2019.12.16, 10:52
6476

Bilesinbi.kg өткөн жумада аялга оргазм алууга тоскоолдук кылган нерселер тууралуу айтып берген. Бүгүн аял оргазм алуу үчүн өзүнө кантип жардам бериш керек экени жөнүндө кеп козгойбуз.  

Оргазмга жетүү үчүн эмне кылса болот?

1. Жыныс мүчөңүздү изилдеңиз

Эгер мурун эч качан бул ишти кылган эмес болсоңуз, күзгүнү алып жыныс органдарыңызды караңыз. Жок дегенде, жыныс эриндери кайда жайгашканын жана клитор кандай көрүнөөрүн билип алыңыз. 

2. Денеңиз менен таанышыңыз

Денеңизди изилдөө үчүн өзүңүзгө 30-60 мүнөт убакыт бөлүңүз. Мончого  түшүүдөн баштаңыз. Май же лосьон колдонсоңуз болот. Денеңизге колуңузду тийгизгенде эмнени сезип жатасыз, ошого көңүл буруңуз, кайсы жерди сылаганда баарынан жагымдуу болуп жатат байкаңыз. Андан кийин эс алыңыз, денеңизди сылап-сыйпоодон алган сезимдер тууралуу ойлонуңуз. 

3. Мастурбация кылыңыз

Сизге жагымдуу болуш үчүн кайсы жериңизге тийүү керек экенин билсеңиз, анда бул нерсе оргазм алууга жардам берет. Убакыт жөнүндө кабатыр болбоңуз, оргазмга жетүү үчүн 5, 10, 20, 30, 45 мүнөт талап кылынышы мүмкүн. Бул жөнүндө ойлоно бербеңиз, сиздин ырахатыңыз гана  абдан маанилүү болуп саналат.

4. Өнөктөшүңүз менен сүйлөшкөнгө үйрөнүңүз

Сизге эмне жагат экенин тактап алгандан кийин, бул нерсени өнөктөшүңүзгө жеткиргенге аракет кылыңыз. Анын баш тартууларын жана өзүмчүлдүгүн кабыл албаңыз. Жакшысы алдын ала баарын сүйлөшүп алуу керек: ал сизди угуп, кумарга жетүүңүздү планына киргизиши керек. 

5. Имитация кылбаңыз

Тилекке каршы, аялдар көп учурда чарчаганынан же оргазмды кое берип жибергенин улам эмес, физикалык зомбулуктан качуу үчүн имитация кылышат. Эгер сизде чындыкты айтуу мүмкүнчүлүгү болсо, айтыңыз.

Окумуштуулар, буга чейин оргазмга жеткен аялдар, аз имитация кылаарын айтышкан.

Жыныстык катнашты улантууну каалабасаңыз же оргазмга жете албасаңыз, актанып, анткорлонбостон, сексти токтоп коюу укугуна ээ болушуңуз керек. Чыдап жана үн катпай жүрө бериштин кереги жок. Өнөктөшүңүз сиздин оргазмга жетпей жүргөнүңүздү билбесе, ал аны өзгөртө албайт. 

Маалымат бул жерден алынды. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт. 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Аялга оргазм алууга тоскоолдук кылган нерселер

Ар бир эркек аялдын оргазмы тууралуу сөзсүз билиши керек болгон 6 нерсе

Бел суусу эрте түшкөн эркектерге пайдалуу маалымат

Бел суусу кеч түшкөн эркектерге пайдалуу маалымат

Жыныстык катнашты кантип узартса болот? Бел суусу эрте түшкөн эркектерге кеңеш

Аял үчүн жыныстык катнашсыз жашоо зыянбы? Сексолог айтып берет

Эркек көпкө чейин жыныстык катнашка барбаса эмне болот? Адистер айтып берет

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт