// //

Күз: маанайды кантип көтөрүү керек?

2018.10.26, 18:24
2982

Күзгү бук (хандра) – бул оору эмес, жөн гана маанайдын бат-баттан өзгөрүшү, чарчоо, алсыздык, кыжырдануу, камырабастык жана кош көңүлдүк.

Кыргызстандын жашоочулары көп бук болбойт, себеби бизде күзүндө күн жылуу жана жай узакка созулат. Ошентсе да, күркүрөгөн күз күндөрүндө көңүлдү кантип көтөрүү керек? Келиңиз билип көрөлү.

  • Гардеробуңузду жаңылаңыз. Түсү ачык күрмө, блузка, шым, көйнөк кийиңиз. Көчөдөн өтүп бараткандарды карасаңыз, дээрлик баары - кара, күрөң, көк, боз кийимчен. Табият өзү кандай өң тандоо керек экенин айтып турат. Сары, кызгылт сары, жашыл, ак, кызыл түстөгү кийим сатып алыңыз. Имиджиңизди, чач жасалгаңызды өзгөртүңүз.

Жылмайып жүрсөңүз маанайыңыз ар дайым  жакшы болот!

  • Аба ырайына карабастан 2-3 аялдама жөө басып, эрте жатууга аракет кылыңыз.

  • Бардык пландарды аткарыңыз: бассейн, спорт, бий, сүрөт, достор менен жолугушуу, спектакль, концерт, тойлор, туулган күн жана башкалар. Жаңы жылга жана келечектеги эс алууга даярданып баштаңыз! Сөзсүз хоббиңиз менен алектениңиз, күз – чыгармачылык үчүн мыкты мезгил!

  • Майлуу жана таттуу тамак-ашты азайтыңыз. Балык, кызыл эт, жумуртка, кургатылган мөмө-жемиштер менен жаңгактарды жеңиз. Рационуңузда имбирь, лимон, кориандр, женьшень болсун.

Алкоголдон баш тартыңыз, баары бир жардам бербейт!

  • Үйдөн качпаңыз! Эшикте жамгыр жаап жатса, сиз жылуу жуурканга оронуп алып, китеп окуп, чай менен таттуу токоч жеп жатасыз, кандай сонун!

Сөзсүз комедиялык тасма көрүңүз!

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт