Күз: маанайды кантип көтөрүү керек?
2018.10.26, 18:24
3641
Күзгү бук (хандра) – бул оору эмес, жөн гана маанайдын бат-баттан өзгөрүшү, чарчоо, алсыздык, кыжырдануу, камырабастык жана кош көңүлдүк.
Кыргызстандын жашоочулары көп бук болбойт, себеби бизде күзүндө күн жылуу жана жай узакка созулат. Ошентсе да, күркүрөгөн күз күндөрүндө көңүлдү кантип көтөрүү керек? Келиңиз билип көрөлү.
- Гардеробуңузду жаңылаңыз. Түсү ачык күрмө, блузка, шым, көйнөк кийиңиз. Көчөдөн өтүп бараткандарды карасаңыз, дээрлик баары - кара, күрөң, көк, боз кийимчен. Табият өзү кандай өң тандоо керек экенин айтып турат. Сары, кызгылт сары, жашыл, ак, кызыл түстөгү кийим сатып алыңыз. Имиджиңизди, чач жасалгаңызды өзгөртүңүз.
Жылмайып жүрсөңүз маанайыңыз ар дайым жакшы болот!
- Аба ырайына карабастан 2-3 аялдама жөө басып, эрте жатууга аракет кылыңыз.
- Бардык пландарды аткарыңыз: бассейн, спорт, бий, сүрөт, достор менен жолугушуу, спектакль, концерт, тойлор, туулган күн жана башкалар. Жаңы жылга жана келечектеги эс алууга даярданып баштаңыз! Сөзсүз хоббиңиз менен алектениңиз, күз – чыгармачылык үчүн мыкты мезгил!
- Майлуу жана таттуу тамак-ашты азайтыңыз. Балык, кызыл эт, жумуртка, кургатылган мөмө-жемиштер менен жаңгактарды жеңиз. Рационуңузда имбирь, лимон, кориандр, женьшень болсун.
Алкоголдон баш тартыңыз, баары бир жардам бербейт!
- Үйдөн качпаңыз! Эшикте жамгыр жаап жатса, сиз жылуу жуурканга оронуп алып, китеп окуп, чай менен таттуу токоч жеп жатасыз, кандай сонун!
Сөзсүз комедиялык тасма көрүңүз!
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.