// //

Багып алган баланы кантип үй-бүлөгө көндүрүү керек? Психологдун кеңеши

2019.11.25, 14:56
1443

Тиги же бул себептерге байланыштуу айрым үй-бүлөлөр бала асырап алуу чечимин кабыл алышат. Бирок бул чечим менен кошо көптөгөн суроолор пайда болот. Психолог Эльвира Чокоева айрымдарына жооп берди.

Балага анын багып алынганын айтуу керекпи?

Бул маселени ата-энелер өздөрү чечишет.

Эгер “жок” деген чечим кабыл алсаңар:

Ар бир ата-эне баланын багып алынгандыгы тууралуу фактыны жашырып, сыр сактоого акысы бар. Бирок, көпчүлүк ортодогу сырдын болушу мамиленин ачык жана чынчыл болушуна терс таасирин тийгизгенин сезишет. Алар балага башка бирөө айтып коебу, деп кабаатыр болушат.

Эгер “ооба” айтуу керек деген чечим кабыл алсаңар:

Эгер балага, аны багып алганыңарды ачык айтууну чечсеңер, 4-5 жаш эң оптималдуу жаш курак деп эсептелинет.

4-5 жаштагы балага үй-бүлөгө кантип келгени маанилүү эмес. Ал үчүн аны бул үй-бүлөдө жакшы көрүшкөнү, кыйналып турганда жанында жакын адамдары болгону жана аны эч кимге бербей тургандыгын билүү жетиштүү. Эгер ата-энеси өзүнө ишенип, бул тууралуу жайдары жана толкунданбай айтып беришсе, бала да мындай фактыны катардагы маалымат катары кабыл алат.

Бала бул темага бир нече жолу кайтып келе турганын эске алгыла. Ал чоңоюп жатат, аң сезимдин өсүүсүнүн ар бир этабында жаңы суроолору пайда болушу мүмкүн. Ошондуктан теманы талкулоого ар дайым даяр болуу зарыл.

3, 7 жана 12-14 жашында бала жаш курагына байланыштуу жеке кризисин баштан кечирип жатканда чындыкты айтуунун кереги жок. Анткени бул учурда ал ашыкча эмоционалдуу, сезимтал, ызакор болуп калат.

Багып алынган баланын үй-бүлөгө көнүп кетиши жаш курагынан көз каранды

Баланын үй-бүлөгө жана үй-бүлөнүн балага көнүп кетиши, анын жаш курагынан түздөн түз көз каранды. Ошондой эле, анын өткөн чактагы жашоосу да бир топ таасирин тийгизет.

Биринчи баскыч – таанышуу

Адатта бул стадияда бала өзүн эң жакшы сапаттарын гана көрсөтөт. Эгер чоңурак болсо үй тиричилигине жардам берип, силерге жагуунун аракетин көрөт. Бул мезгил аралыкта, “мени кайра балдар үйүнө жеткирип салбаса экен”, деген коркуу сезими күч алып турат. Бирок бул көпкө созулбайт. Баланын эмоционалдык абалы курчугандан курчуй берет.

Экинчи баскыч – текшерүү

Убакыттын өтүшү менен бала жаңы үй-бүлө аны кабыл алганын түшүнөт. Ошондо идеалдуу баладан теңиринен тескери балага айланат. Мындайча айтканда чыныгы жүзүн көрсөтөт. Ичиндеги уйгу-туйгу болуп жаткан терс эмоциялардын бардыгы сыртка чыгат. Көпчүлүк ата-энелер шок болуп “башка бала менен айырбаштап койгондой, такыр тааныбай жатабыз”, деп сүрөттөшөт.

Тил алчаак, акылдуу баланын ордун баш ийбеген, сөзгө түшүнбөгөн эрке наристе басат.

Баланын мындай жүрүм-турумунан чоочулоонун кереги жок. Бул убактылуу гана көрүнүш. Анткени балдар үйүндө тарбия алган наристе, бул стадияны башынан кечирген эмес, эркелетип, ыйлаганда соорото турган кишиси болгон эмес.

Жөнү жок ыйлактап, бейбаштык кылып жаткан учурда, ага ушундай болууга уруксат бериңиз. Бала өзүн агрессивдүү алып жүрсө, бороон-чапкын болуп турган эмоцияларды кантип башкаруу керек экенин көрсөтүп, жайдары түшүндүрүп бергенге аракет кылыңыз. Мындай жүрүм-туруму үчүн жазалоо туура эмес.

Үчүнчү баскыч – көнүшүү

Баладагы чыңалуу акырындык менен азая баштайт. Жан дүйнөсү тынчып, үй-бүлөгө биротоло көнөт. Бул баскычка жеткенде бала тиричиликке активдүү катышып, жардам сурап, жардамын сунуштаганды үйрөнөт.

Эгер кандайдыр бир көйгөйлөр пайда болсо, бул жеке жаш курак кризисине байланыштуу болушу мүмкүн.

Үй-бүлөгө көнүшүү канчага чейин созулушу мүмкүн?

Адаптация мезгили 3 жылдан 5 жылга чейин созулат. Бала үчүн бардык баскычтардан өтүү манилүү. Ал канчалык көп убакыт балдар үйүндө өткөрсө, үй-бүлөгө көнүшүп кетүү ошончо көп убакытты талап кылат.

Анткени балдар үйүндө чоңойгондордун өздөрүнүн жашоо принциптери калыптанып калат. Мисалы, “чондорго ишенүүгө болбойт”, “эч кимден жардам сурап кайрылуу мүмкүн эмес” ж.б.

Эгер баланы кризистик жаш куракта асырап алсаңар, жогорудагы баскычтарды өтүүдө андан да көбүрөөк күч-кубат жана сабырдуулук зарыл болот.

Бала үчүн асырап алган ата-эне аны кандай болсо, ошо бойдон кабыл алып, жакшы көрүшөөрүн билүү абдан маанилүү.

Ата-эне кетирген жаңылыштыктар

  • Баланы башка балдар менен салыштырууга такыр болбойт! Бул тыюу бардык эле балдарга карата айтылган. Бирок багып алынган балдар өзгөчө сезимтал болушат. Салыштыруу психологиялык травмага алып келиши мүмкүн.
  • Биринчи кезекте баланын кызыкчылыгын эске алгыла. Мүмкүн болушунча көбүрөөк угуп, бирге болуу үчүн убакыт бөлүп, мактап, кучактап тургула.
  • Бала асырап алууда башкысы сабырдуулук жана өзүңө ишенүү. Эгер башында жакшы мамиле кура алсаңар, өмүр бою анын үзүрүн көрөсүңөр.

Ийгилик!

 

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт