Жыныстык катнашка буларсыз барууга болбойт
Бүгүнкү күндө күтүүсүз кош бойлуулуктан коргоочу ар кандай каражаттар бар. Аларды колдонуу менен үй-бүлөнү пландаштырып, жыныстык жол аркылуу жугуучу оорулардын алдын аласыз. Бүгүн биз сиздерге алардын айрымдарын айтып беребиз.
Эсиңизде болсун, колдоноордун алдында дарыгерден кеңеш алууну унутпаңыз.

- Спермициддер
 
Спермициддер – сперматозоиддин (эркектин уругу) жатынга кирип кетүүсүнө тоскоол болот. Ар кандай түрлөрү бар: аэрозол, шам, майлоочу ж.б. Жыныстык катнашка бараардан 2 – 3 саат мурун (ар бир таңгакта так убакыты көрсөтүлгөн) кындын ичине киргизилет. Таасири бир жыныстык катнашка жетет. Кайталап кошулууда, кайрадан спермицид киргизүү керек.
Артыкчылыктары:
- Гормондорго таасир этпейт.
 - Эмизип жаткан аялдар колдонсо болот.
 - Жыныс кынын нымдантырат.
 - Дезинфекциялык өзгөчөлүгү бар.
 
Кемчиликтери:
- Жыныстык катнашты алдын ала пландоо керек.
 - Кээ бир спермициддерди колдонгондон кийин белгилүү бир убакытка чейин самынды жана гигиеналык башка каражаттарды колдонууга болбойт.
 - Терс таасирлери болушу мүмкүн: кычыштыруу, сезгенүү, кызаруу.
 - Башка каражаттарга салыштырмалуу натыйжалуулугу төмөн.
 
350-500 сом турат. Дарыканаларда сатылат.

- Презервативдер
 
Коргонуу каражаттардын эн популярдуусу. Эркектер жана аялдар үчүн түрлөрү бар. Аялдардыкы техникалык жактан татаал болгондуктан, кеңири таркаган эмес.
Артыкчылыктары:
- Күтүлбөгөн кош бойлуулуктан гана эмес, жыныстык жол менен жугуучу оорулардан да коргойт.
 - Арзан жана жеткиликтүү.
 - Эч кандай каршы көрсөтмөсү жок.
 - Натыйжалуулугу жогорку даражада.
 
Кемчиликтери:
- Кээ бир эркектердин сезимталдуулугун азайтат.
 - Жыныстык катнаш учурунда айрылып же жылмышып ылдый түшүп кетиши толук ыктымал.
 - Колдонууда кээ бир ыкмаларды талап кылат.
 
Түрүнө жараша 80 сомго чейин. Баасы сапатынан кабар берээрин айта кетели.

- Спираль
 
Спираль – бул пластика же металдан жасалган, аялдын жатынынын ичине коюлучу, бойго бүтүүдөн сактоочу каражат.
Артыкчылыктары:
- Каалабаган кош бойлуулуктан узакка коргойт (спираль түрүнө жараша 3 жылдан 10 жылга чейинкилер болот).
 - Каалаган убакта алып койсо болот.
 - Жыныстык катнаш учурунда сезимталдыкка таасир бербейт.
 - Аялдын жалпы абалына эч кандай таасир тийгизбейт.
 - Күн сайын көзөмөлдөөгө муктаж эмес.
 - Башка дары-дармектерге таасир этпейт.
 
Кемчиликтери:
- Эркек менен аялдын ден соолугу жакшы болсо, кош бойлуу болуп калуу мүмкүнчүлүгү 10-15% , бул 10-15% дын 50%ы жатын сыртынан бойго бүтүү.
 - Спиралдар бойдон алдыруу касиетине ээ, ошондуктан динге ишенген жана бойдон алдырууга каршы болгондорго болбойт.
 - Жаңы салдырганда бир айча ичтин төмөн жагы ооруйт.
 - Спиралдан улам этек кир күндөрүнүн узактыгы жана менструалдык кандын көлөмү көбөйүшү мүмкүн.
 - Жыныстык жол менен жугуучу оорулардын алдын албайт.
 - Өз алдынча салууга мүмкүн эмес.
 
Дарыгердин кызматын эске албаганда 150 сомдон 5000 сомго чейин.
![]()
- Гормоналдык импланттар
 
Алар теринин астына тигилет. Мындай имплант прогестерон гормонун пайда кылат. Бул каалабаган кош бойлуулуктан 99%га коргоо кепилдигин берет.
Күн сайын кам көрүүгө муктаж эмес, бир жылда эки жолу гинеколокго барып текшертип коюу керек. Таасири орто эсеп менен алганда, 3 жылга чейин созулат.
Артыкчылыктары:
- Үзгүлтүксүз дарылануунун кереги жок.
 - Айрым гинекологиялык ооруларга кабылуу коркунучу азаят (мастопатия, матка миомасы, эндометриоз).
 - Спирт ичимдиктерин ичүү же тамекини чегүү импланттын натыйжалуулугуна таасир этпейт.
 
Кемчиликтери:
- Жыныстык жол менен жугуучу оорулардан коргобойт.
 - Имплант гормондорго таасир эткендигине байланыштуу этек кир циклин бузушу мүмкүн.
 - Либидо (сексуалдык каалоо) төмөндөшү же дене салмагы өзгөрүшү мүмкүн.
 - Бала эмизүү учурунда колдонууга мүмкүн эмес.
 - Өз алдынча колдоно албайсыз.
 
Биздин дарыканаларда жок, Москвага буйрутма бериш керек. Болжолдуу баасы 3000 сом.

- Гормоналдык ийне
 
Гормон сайынуунун таасири 8 - 13 жумага (так мөөнөтүн билүү үчүн дарыгерге кайрылгыла) чейин созулат. Бир жылда 4 жолу сайдырса болот, башкача айтканда үч айда бир. Ийне алып жатканда аял жылына кеминде эки жолу гинекологдун көзөмөлүнөн өтүүгө тийиш.
Артыкчылыктары:
- Ийненин таасири 8 -13 жумага чейин жетет.
 - Гормондук препараттарды кабыл ала албай тургандарга ылайыктуу.
 - Аз кандуулукка жардам берет.
 - Башка дары-дармектерге эч кандай терс таасири жок.
 
Кемчиликтери:
- Этек кир циклинин бузулуусу.
 - Ашыкча салмак кошуу.
 - Сөөктөрдүн ичкеришине алып келет.
 - Репродуктивдик ден-соолукту толук калыбына келтирүү үчүн бир жылга жакын убакыт керек.
 - Либидого таасир этиши мүмкүн.
 - Аял жок дегенде жылына эки жолу гинекологдун көзөмөлүнөн өтүшү керек.
 - Баш айланып, дене кызарып, маанай өзгөрүшү мүмкүн.
 
Гормоналдык ийнени мамлекеттик бейтапканалардан акысыз, жеке менчик клиникалардан болжол менен 100-150 сомго алса болот.

- Оралдык коргонуу каражаттары
 
Үч түргө бөлүнөт: бириккен, гестагендик жана поскаиттик. Дарыгердин көзөмөлүнөн өтүп, кайсынысын жазып берсе, ошону гана ичүү керек. Бойго бүтүрбөөчү таблеткалардан аял семирип же эмчек рагына чалдыгат деген болбогон бир жомок.
Артыкчылыктары:
- Кээ бир оралдык каражаттар безеткиден арылтат.
 - Булар менен этек кирди пландоо оңой.
 - Денедеги түктөрдүн өсүүсүн жайлатат.
 - Менструалдык цикл маалындагы ооруксунууну басаңдатат.
 
Кемчиликтери:
- Ашыкча салмактагы, диабети бар жана чылым тарткан айымдарга болбойт.
 - Жүрөк, кан тамыр жана боор ооруларынын коркунучун жогорулатат.
 - Кыжырдануу, уйкучулук, баш айлануу, маанайдын бат алмашуусу менен коштолушу мүмкүн.
 - Либидо төмөндөйт.
 
Мындай таблеткалардын бир курсу 200 – 1000 сомго чейин болот.

- Матка түтүкчөлөрүн таңуу
 
Матка түтүкчөлөрун таңып коюу – түтүкчөнүн кичинекей бөлүгүн алып салган операция. Бул коргонуу каражаты – калыбына келгис болуп саналат. Эркектер үчүн дагы ушундай ыкма бар – урук каналдарын кесип коюу. Бул методду колдонгон адамдар гормоналдык жактан эч нерсе болбойт. Мындайча айтканда аялдар кош бойлуу боло албайт, эркектер аялдарды кош бойлуу кыла албайт.
Артыкчылыктары:
- 100% коргоочу каражат.
 - Гормондорго эч кандай таасир бербейт.
 
Кемчиликтери:
- Операциядан кийин кан агуу сыяктуу сезгенүү болушу мүмкүн.
 - Калыбына келгис тукумсуздук.
 - Анестезия кылуу муктаждыгы бар.
 
Мамлекеттик бейтапканаларда 2000 сомдун тегереги, жеке менчик бейтапканаларда 20 000 сомдон жогору.