// //

Ар бир мектепте ушундай мугалим бар. Класс жетекчинин 8 тиби

2018.10.10, 15:12
5672

Кээ бир мугалимдерди түшүнө албайсың. Айтайын дегеним, жакшы окусаң да, жаман окусаң да жакпайсың.

Москва шаардык педогогикалык университетинин профессору Витольд Ясвин мугалимдердин тибин аныктай турган методика иштеп чыкты. Кеттик анда, мугалимиңиз кайсы типке кирээрин билип көрөлү.

  1. Босс - мугалим

Бул мугалим текебер, ойлонбой чечим чыгаруу мүнөзүнө ээ. Ал үчүн билим берүү процессинен да өзүнүн жаш курагы жана  статусу алда канча маанилүү. Анын идеяларына суктанган окуучуларды жакшы көрөт.   

  1. Командир – мугалим

Бул мугалим дайыма өзүнүкүн туура дейт жана башкаларды кол алдындагы адам катары көрөт. Класстагы байланыш буйрук жана көрсөтмөлөрдү берүү менен чектелет. Окуучулардан катуу тартипти талап кылат.

  1. Дирижёр – мугалим

Дирижёр - мугалим жумуштун ырааттуу болушун каалайт. Топтун ар бир мүчөсүнө белгилүү бир ролду берет. Окуучуларга билимди чыдамкайлык менен түшүндүрүп берет. Алардын активдүүлүгүнө маани берет. Бул мугалимдер сылык-сыпаа, бирок, мамилеси муздак

Похожее изображение

  1. Чабан – мугалим

Мындай мугалим билим берүү процессине кайдыгер. Атүгүл тартипсиз окуучуларынын жүрүм-турумуна маани бербейт. Класстагы байланыш салкын, ортодо пайда болгон түшүнбөстүктөрдү четке кагып коёт же байкамаксан болот. Бул мугалим өз жанын кыйнабайт.

Картинки по запросу университет монстров

  1. Официант – мугалим

Мугалим чын жүрөгүнөн педагогиканын негиздерин окутууга аракет кылат. Ар дайым окуучуларга жардам  жана колдоо көрсөтүүгө даяр, балдардын муктаждыктарына көп көңүл бурат. Бирок, белгилүү бир максатка алып келе тургандай кылып окуу процессин уюштура албайт, окуучулардын кызыкчылыктары үчүн кызмат кылат.

Картинки по запросу университет монстров соревнование

  1. Машыктыруучу – мугалим

Бул мугалим биринчи кезекте окуучулардын сынактарда жана таймаштарда жогорку жыйынтыкка ээ болуусуна кызыкдар. Окуучулар менен так жана ачык мамиле курат, кээде катуу талаптарды коёт.

Картинки по запросу университет монстров лаборатория

  1. Эксперт – мугалим

Эксперт-мугалим мотивациясы күчтүү, таланттуу окуучулар менен иштесе натыйжалуу болот. Себеби изилдөө жана долбоордук иштерди берет жана анын жүрүшүнө аз кийлигишет. Жыйынтыктарды деталдуу анализдейт, каталарды таап, алардын себептерин аныктап, өз көз карашын билдирет. Жеке мамиле курууга аябай кызыктар, толеранттуу жана боорукер.

Картинки по запросу университет монстров общажный кошмар

  1. Кеңешчи – мугалим

Мугалим ар бир окуучунун аткарган тапшырмасынын сапатына көңүл бурат. Окуучуларынын максаттарын, кызыкчылыктарын эске алуу менен окуу планын түзөт. Андан кийин пландын аткарылышын көзөмөлдөп, кемчиликтер менен катачылыктарды оңдоп турат. Окуучуларына сый-урмат менен мамиле кылат, алардын абройуна шек келтирбегидей кылып сын айтат.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт