// //

Кайын энемди “эшек” деп айтып алдым деген келиндин баяны

2019.09.03, 09:46
3961

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет.

Кайын энемди "эшек" деп айтып алдым деген жаш келин буларга токтолду. 

"Кайын энем конок тоскондо башка, үйдө башка адам"

Буга чейин көп адамдан кеңеш алдым. Мисалы, чоң апам, курбум, турмуш курган эжелерим. Бирок, өзүмдү эч эле жакшы сезе албай жүрөм.  

28 жаштамын. Бир баланын энесимин. Экономист болуп иштечүмүн. Турмушка чыкканда үйгө отургузуп коюшту. 2 жыл иштеген жокмун.

Жолдошумду мурун жакшы билчүмүн. Ата-энеме тааныштырып анан турмушка чыккам. Чынын айтайын, сүйгөн эмесмин. Ал мени абдан катуу жакшы көрчү, табышкер, жашоону түшүнгөн бала болчу. Ошонусуна карадым.

Тойдон кийин айылга жөнөдүк. Боюма бүттү. Бир үйдө 7 киши жашайбыз. Айыл турмушуна бир жыл дегенде араң көндүм. Бул аралыкта жаман да, жакшы да нерселер болду.

Кайын энем конокко колу ачык болгону менен, эч нерсе жактырбаган, оозунан жакшы сөз чыкпаган адам.

10 күн мурун үйдө чоң уруш чыкты. Ага кайын энемдин “эч нерсе кылбайсың” дегени себеп болду. Ортодо эмне деген гана сөздөр айтылбады. Мен да жөн турбадым, ичимде топтолуп калган нерселерди ачыкка чыгардым. Кайын энем келип туруп, жаакка чаап, ийниме муштап жиберди. Шок болгон абалда оозуман “эшек” деген сөз чыгып кетти. Бул сөздү айтканыма өкүнөм. Ошентип, баламды алып кетип калдым. 

Жолдошум мага көңүл бурбайт, келечекке планы жок, ар дайым мени күнөөлөйт, кагып сүйлөйт, колдобойт. Кайын энем менен урушканга чейин эле ушундай болчу.  

Бир жумадан кийин кайтып келдим. Жумушум айылда, өтө катуу жоопкерчиликти талап кылат. Күйөөм менен бир айдан кийин өзүнчө бөлүнүп жашайбыз деп сүйлөштүк.

Келгенден бери кайын агам мага кыялын көрсөтөт. Жолдошума балаңарды өзүңөр карагыла дептир. Ал болсо, мени жумуштан чык деп жатат. Мен унчукпай оокатымды кылып, жумушума барып жүрөм. Кыскасы жашоом кызыксыз. 

Эмне кылаарымды билбей калдым. Апамдар “чыда, жеңесиң” дешет. Мен туура кылып жатамбы? 

Адис эмне дейт

Тамара Воронцова, психолог

Эмне себептен жумушуңуздан бошоп, айылга жөнөп кеттиңиз? Шаардан эле батирге чыгып, күйөөңүздүн ата-энесине конокко барып туруу керек болчу. Ошондой эле, алар менен дагы бир баласы, кайын агаңыз жашайт экен. 

Бардык ата-энелер жардам берип, чарба иштери менен алек болуш үчүн келинди үйгө отургузууга аракет кылышат. 

Аял качан бардык кызыкчылыктарын курмандыкка чалганда, аны эч ким сыйлабай калат. Күйөөңүздү сүйбөгөнүңүз, жашыңыз келип калганы үчүн турмушка чыкканыңыз - бул коркунучтуу эмес. Сиз аны сыйлагансыз, кандайдыр бир башкача сезимдер болгон. Эркек аялын сүйүш керек, ал эми аял күйөөсүн биринчи кезекте түшүнүш керек. Сиз түшүнгөнсүз, түшүнүп жатасызбы?

Жаштар ата-энеси менен жашаганда ушундай болот! Кайтып келбей эле, күйөөңүз менен өзүнчө батирге чыгып, кийин баарын жайгара бериш керек болчу.

Эми конкреттүү сунуштар. Бөлүнүңүз, эч качан жумушуңуздан чыкпаңыз, бала багуучу жалдаңыз же балаңызды бала бакчага орноштуруңуз. Күйөөңүзгө аны сүйөөрүңүздү, ажыраша турган ниетиңиз жок экенин айтыңыз. Баары акырындап ордуна келет. 

Үй-бүлөңүз сакталып калабы же жокпу - бутуңузда бекем турушуңуз керек, жумушуңуз сизге ар кайсы учурда ишеним берет. 

Эгер сиз башынан баштап эле күйөөңүздүн үй-бүлөсү, туугандары менен жашоону чечкен болсоңуз, диплотматиянын жана конфликтологиянын негиздерин үйрөнүү керек болчу. Мен бул нерсени бардык келиндерге жана жаш жубайларга сунуштайм. Сиз аны 20-30 жыл ичинде үйрөнөсүз, бирок канчалаган каталар, жек көрүүлөр, азап чегүүлөр, балким ажырашуулар болот.  

Психологго барып кеңеш алыңыз, ал сизге үй-бүлөңүздү сактап, туугандары менен мамиле түзгөндү үйрөтөт. Аялдан үйдөгү атмосфера көз каранды, бирок бул нерсени ага үйрөтүү керек. Сизге үйрөтүшкөн эмес, жыйынтыгы ушундай болду.  Үйрөнүңүз!

Күйөөмдү Россияга жөнөтпөш үчүн кантип коркутсам болот деген келиндин баяны

Чөгүп баратсам күйөөм карап турду деген аялдын окуясы

Тоюбуз бүтөөрү менен күйөөмдү аялы сүйрөп кетти

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт