// //

Чөгүп баратсам күйөөм карап турду деген аялдын окуясы

2019.07.31, 16:29
8861

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет.

Күйөөмдүн бул кылганы чыккынчылыктан да жаман деген айым буларга токтолду. 

Гүлжан( аты өзгөртүлдү): сүзгөндү билсе да жардамга келбеди

Кадырбек (аты өзгөртүлдү) менен турмуш курганыма 14 жыл болду. Сүйүүгө мас болуп жүрүп 19 жашыбызда баш кошуп алганбыз. 3 баланын ата-энесибиз. Жашоонун ысык-суугун чогуу кечирдик. Кызганычтар, түшүнбөстүктөр, казан-аяктын үнү баары артта калды.

Базарда соода кылабыз. Элден арты да, алды да эмеспиз. Тапкынбызды чогултуп жүрүп, быйыл жаңы өргөгө кирдик. Негизи там тойду күзүндө дегенбиз, аяштарыбыз “качан жууйсуңар” деп кулак-мээни жей бергенинен көлгө алып барып бир сыйлап коюну чечтик.

Маршрутка жалдап жолго чыктык. Эми бул жагы өзүнчө эле индия киносу. Ырдап, бийлеп, ойноп жакшы жетип алдык. Кой сойдук, жашырганда эмне, ичтик. Мына эртең чыгабыз деп турганда, көлгө дагы бир түшүп алалы деп пляжга келдик.

Өткөн түндөн соолуга элек болчук. Күйөөлөрүбүз жээкте баш жазып отурушкан.

Сүзгөндү билбейм. Көкүрөгүмө чейин сууга кирип басып жүргөм. Бир маалда тайып кетип, бутум жерге тийбей калды. Толкун артка түртүп, чөгө баштадым. Көз алдыма балдарым келди. Ушинтип эле өлүп каламбы дедим. Сууну чапкылап, күйөөмдү атын айттып бакырдым. Улам чумкуп, сыртка чыгып жээкти карап коем. Аяштарыбыз ызы-чуу болуп эки жакта чуркап жүрөт. А күйөөм жөн гана мени карап турат.

Сүзгөндү билет. Эмнеге жардамга келген жок? Эсимди жогото баштадым. Жээктеги күйөөм былк этпей турат. Акыры бир бейтааныш жигит сууруп чыкты. Нес болуп калдым.

Өзүмө бир аз келгенден кийин, жанымда отурган күйөөмө, “эмнеге жардамга келген жоксуң” десем, “ главный тирүүсүң, болду да кайра эстей бербей” деп койду.

Маанайым жок шаарга келдим. Эртеси жумушка чыккан жокмун. Күйөөмдөн көңүлүм калды. Сүйлөсө суз жооп берем, төшөккө чакырса ар кайсы шылтоону айтам. Сага эмне болгон деп коет. Билмексен! Өлүмүш! Ушунча нерсени баштан өткөрдүк го! Мен үчүн  жаныңды бербейт экенсиң! Сен чөксөң сүзө албасам да, сүзгөн кишини сууга түртөт элем. Ажырашып кетсемби? Балдарды ойлойм. Же мен эмне туура эмес кылып жатамбы?  

„Psihoanaliz.kg“ психотерапия борборунун адиси, психотерапевт Карлыгаш Акимкулова жооп берет

Күйөөңүз сизди өлтүргүсү келген же болбосо сүйбөйт деп эсептебейм. Өзгөчө кырдаалдарда ар бир адам өзүн ар кандай алып жүрөт. Кимдир бирөө дароо жардамга чуркаса, кимдир бирөө селдейип катып калат. Күйөөңүздүн жүрүм-турумун өзүн жоготуп коюу менен түшүндүрсөк болот. Бул стресс абалдардан коргонуу реакциясы. Бул учурда адамдардын мээси болуп жаткан окуяны адекваттуу кабыл алуудан баш тартат.

Кырсык болгон учурда адамдардын жүрүм-турумун эстесеңиз: бирөөсү бакырат, бирөөсү ыйлайт, башкасы калтырап-титирейт, айрымдары унчукпайт. Бул анын боор тартпайт дегенин түшүндүрбөйт, бул деген, анын кайгы жана оору менен күрөшө албайт экенин билдирет.

Кыязы, күйөөңүз башыңыздан өткөргөн коркунучту туүшүнө албады. Ал сиздин кайгыңызга сүңгүп кирүүнү каалабайт. Балким, ал сизди жоготуп алуу жөнүндө ойду да кабыл албайт. Сиз күйөөңүздүн реакциясына таң калып, өзүңүзгө болгон мамиле менен байланыштырып жатасыз. Бирок, андай эмес, бул реакция анын психикалык абалы жана стрессти баштан өткөрүүсү менен байланыштуу. 

Болуп өткөн окуя жөнүндө жана ал учурда  экөөңөр эмнелерди сезгениңер тууралуу сүйлөшкүлө. Балким, күйөөңүз сиз менен чынчыл болот. Анан ал сиз билген жана сүйгөн адам экенин көрөсүз. 

Карлыгаш менен инстаграм аркылуу psihoanaliz_kg байланышсаңыз болот. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт