Мектеп окуучулары чалдыкчу 3 оору
Оор сумка көтөрүп кетип бараткан кичинекей окуучуну көргөндө “иий, байкуш” деп, ден-соолугуна кабатыр болобуз. Бүгүн биз окуучулар чалдыкчу негизги оорулар жана аларды алдын алуу жолдору тууралуу сүйлөшөбүз.
- Бүкүрөйүү
Көп окуучулар омуртка функциясынын бузулушунунан жапа чегишет. Мисалы, бүкүрөйүү, гиперкифос (тегерек арка) жана гиперлордоз (белдин ашыкча ийилүүсү), “түз жон” (омуртка жетиштүү бүгүлбөйт).
Себептери: оор рюкзак, ыңгайсыз парта.
Белгилери: Баланын бели, колу, ийни ооруйт. Кээде башы ооруп жатканын айтат, денесин түз алып жүрө албайт.
Эмне кылуу керек?
- Туура сумка тандап бериңиз. Салмагы баланын салмагынан 10-15% ашпашы керек. Рюкзактын жону катуурак, асынмасы кенен жана жумшак болсун.
- Баланын боюна туура келген эмерек коюңуз.
- Азыркы балдар көп убакытын компьютер алдында өткөрүшөт. Эңкейишин өзгөртүүгө мүмкүн болгон монитор алыңыз.
- Күн сайын физикалык көнүгүү жасатыңыз. Кандай көнүүгүүлөр керек экенин дене-тарбия мугалиминен сурап алсаңыз болот.
- Алысты жакшы көрө албоо
Бул көйгөй ар бир үчүнчү окуучуга тааныш.
Себептери: китепти туура эмес окуу, компьютер, гаджеттерди көзгө жакын кармоо.
Белгилери: тактайда жазылгандарды көрбөйт, алысты караганда көзүн жүлжүйтөт, башы ооруйт.
Эмне кылуу керек?
- Балага экраны чоң телефон алып бериңиз. Гаджеттерди колдонуу убактысын чектеңиз. Компьютердин монитору чоң болсун. Анын жарыгын көзөмөлдөп туруңуз, өтө жарык же өтө күңгүрт болбосун.
- Китепти жатып эмес, столго коюп алып окусун.
- Сабак даярдап жатканда ар бир 20 мүнөт сайын 30 секунд тыныгуу алып, алысты карасын.
- Гастрит
Окуучулар сабактан чуркап чыга калып – газдалган суусундук, фастфуд же шоколад жешет. Минтип тамактанган бала ашыкча салмактуулук, иче-карын, кант диабети, жүрөк жана кан тамырлар ооруларына чалдыгат.
Себеби: мектептен бала эмнелерди жеп жатканын ата-эне көзөмөлдөй албайт.
Белгилери: ичи ооруйт, зарына болот, тамактан кийин өзүн оор сезет.
Эмне кылуу керек?
- Мектептен берген тамактар жакпаса, өзү каалаганын жасап, жанына салып бериңиз.
- Зыяндуу азыктарды баланын көзүнчө жебеңиз. Алардын ден-соолукка тийгизген терс таасирлери тууралуу айтып бериңиз.
- Көбүрөөк сейилдеңиздер.
- Баланын салмагын көзөмөлдөп, дарыгерге алып барып туруңуз.