// //

Кош бойлуулук. Кайсы айларда гинекологго көрүнүп, УЗИге түшүү керек?

2019.07.26, 14:49
14242

Акушер гинеколог Раушан Джумагулова боюңа бүткөнүн билгенден кийин качан учетко туруу керек жана анын кандай зарылчылыгы бар экенин Bilesinbi.kg’ге айтып берди.

Кош бойлуу айымдарды учетко алуунун негизги максаты, боюнда барда, төрөт учурунда жана андан кийинки мезгилде, пайда болгон ооруларды алдын алуу, же болбосо эрте аныктап дарылоо.

Бардык кош бойлуу айымдарга 12 жума болгонго чейин учетко туруу сунушталат. Учетко алынган айым, толугу менен клиникалык текшерүүдөн өтөт, төрөй турган күнү эсептелинет. Кош бойлуулукту алып баруу боюнча конкреттүү план түзүлөт. Ал эми соматикалык патологиялар болсо, тиешелүү адистерге жөнөтүлүп, мүмкүн болсо дарыланат.

Алмаштыруу картасы

Ар бир айымга алмаштыруу картасы ачылат. Бул документ менен төрөт үйүнө барат. Анда аялдын ден соолугу жана кош бойлуулуктун жүрүшу туурасында баардык маалымат бар. Тактап айтканда:

  • анализдердин жыйынтыктары;
  • УЗИнин корутундусу;
  • башка адистиктеги дарыгерлердин сунуштамалары ж.б. камтылат.

Карта толтурулгандан кийин айымдын колуна берилет.

Гинекологго кайсы күндөрү баруу керек?

Өз маалында гинекологго көрүнүп туруу милдеттүү. Дарыгерге барып туруунун болжолдуу графиги төмөнкүчө:

  • Биринчи жолу 12 жума болгонго чейин гинекологго кайрылып, учетко тургандан керек. Анализдер тапшырылып, кайра 10 күндөн кийин келүү зарыл.
  • 20-жумага чейин айына бир жолу;
  • 20-жумадан 28-жумага чейин 2 жумада бир;
  • 28-жумадан тартып 40-жумага чейин жума сайын көрүнүп туруу керек.

УЗИге канча жолу түшсө болот?

УЗИге качан түшүүнүн да так графиги бар. Кош бойлуу айымдар тогуз айдын ичинде 3-4 жолу ультра добуштук изилдөөдөн өтүшөт:

  1. 12 жумага чейин. Кош бойлуулукту жана анын мөөнөтүн аныктоо.
  2. 12-13 жумада. Баланын өнүгүүсүндөгү паталогияларды аныктоо.
  3. 20-22 жумада. Баланын өсүүсүн байкоо, жалпы абалына баа берүү.
  4. 36 жумада. Төрөттүн алдында баланын жайгашын аныктоо.

Өзүңүздүн жана ымыркайдын ден соолугуна жоопкерчиликтүү мамиле кылыңыз!

Аман-эсен көз жарып алыңыз урматтуу айымдар!

Курсактагы баланын өнүгүүсү тууралуу төмөнкү шилтемелерден окусаңыз болот:

Кош бойлуулук календары (1-12 жума)

Кош бойлуулук календары (13-24 жума)

Кош бойлуулук календары (25-40 жума)

Төрөт жана төрөттөн кийинки мезгил тууралуу эң көп берилчү 7 суроо. Бул жерден окуңуз. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт