Жыныстык мүчөм кичинекей. Чоңойтсо болобу? Пластикалык хирург жооп берет
Саламатсызбы. Жыныстык мүчөм кичине. Операция жасап канча сантиметрге чоңойтсо болот?
Бакыт Омурзаков
Пластикалык хирург
Саламатсызбы урматтуу окурман. Учурда пластикалык хирургия өнүккөн, албетте жыныстык мүчөнү чоңойтсо болот. Ал үчүн биз атайын шприц менен сиздин денеңиздеги майды алып, жыныс мүчөнүн түбүнө киргизебиз.
Операция жергиликтүү анестезия менен өткөрүлөт. Клиникадан бир эки сааттан кийин өзүңүз эле кетип каласыз. 2-3 күн жыныстык катнашка барган болбойт, себеби операциядан кийин шишик тарашы керек.
Пластикалык операциядан кийинки эффект 1-1,5 жылга чейин сакталат. Бирок бул операция мүчөнүн көлөмүн 2 смге чейин чоңойтот.
Узартуу жөнүндө айта кетсек, бул операция да жергиликтүү анестезия менен жасалат. Анда байламталар кесилип, жыныстык мүчөнү 3 смге чейин узартып бере алабыз. Мындай операциялардын баасы 25 000 сом.
Жыныс мүчөсү кичинекей эркектен 4 кеңеш
Кегель көнүгүүлөрү 60% эркектердин потенциясын нормага келитрет. 6 көнүгүү