// //

Жыныс мүчөсү кичинекей эркектен 4 кеңеш

2019.05.21, 11:28
16996

Ушул күнгө чейин эркектин жыныс мүчөсү кичинекей болсо - бул жаман деп ойлосоңуз, жаңылышкан болосуз. Жыныс мүчөсү 8 см болгон Адилет мырза төшөктө өлчөм маанилүү роль ойнобой турганын айтып берди. 

Куралыңа толук ишене албасаң, фантазияңды иштет.

Көпчүлүк жыныс мүчөсү кичинекей эркектерди төшөктө алсыз деп ойлошот. Айтарым, буга өлчөмдүн эч кандай тиешеси жок. Өзүнөн күмөн санаган эркек гана өнөктөшүн канаттандыра албайт.  

Мен жыныс мүчөсү кичинекей, бирок, аялын махабаттын туу чокусуна жеткирген бир эркекти билем. Ким болду экен деп жатсаңар керек. Албетте, өзүм.

Сулуу келинчегим бар. Баарынын мага бергиси келген негизги суроо: “Кантип ушундай “размер” менен мындай периштени азгырып алдың?”.

Баса, жыныс мүчөмдүн өлчөмү - 8 см, микропенис эмес, бирок ошого жакын.

Эмесе, төшөктөгү сырларым менен бөлүшө кетейин.

  1. Куралыңа толук ишене албасаң, фантазияңды иштет. Аялдардын анатомиясын изилдеп, эрогендик зоналары кайда жайгашканын тап. Мындайча айтканда, секс эксперти болууга умтул.
  2. Аялдарды кандыруу үчүн чоң жыныс мүчө зарыл эмес. Алардын жыныс кынынын алдыңкы 2-5 сантиметри өтө сезгич келет. Бул жагынан мен утушка ээ болом. Ошондой эле, негизги ролду көлөм эмес, сүйүү жана өнөктөштөр ортосундагы ачык мамиле ойнойт.
  3. Жыныс мүчөсү чоң эркектерде куралынан башка эч нерсе жок. Алар, “мүчөм  өзү эле чечип коет”, -деп ойлошот. Бирок, эмнегедир айымдары нааразы. Меники алардыкындай болбосо да, өзүмө ишенем. Мындайча айтканда, аялымдын жарпын жаза алам.
  4. Жыныс мүчөнүн өлчөмүнө маани берген аялдар бар. Мойнума алам, менин мүчөм чоң жыныс кынын канааттандыра албайт. Бул физикалык айырмачылык экенин түшүнөм, жүрөгүмө жакын кабыл албайм.

 Азат Бейшенов

Medcenter.kg медицина борборунун адиси, уролог

Бизге жыныс мүчөм кичинекей, деп кайрылган эркектер көп. Бирок, бул жөн гана ойдон чыгарылган көйгөй, комплекс. Кайрылган мырзалардын көбүнүкү кадимки эле көлөмдө. Албетте, чынында жыныс мүчөсү кичинекей, 3-4 см болгондор да бар. Бирок, андайлар чанда гана кездешет. Кичинекей болгону менен өзүнүн табигый функциясын аткара берет. Башкача айтканда:

  • жыныстык катнашка бара алат;
  • балалуу боло алат;
  • заара кылат.

Айрымдар порнографиялык кинолорду көрүп алып, ал жакта көрсөтүлгөн жыныстык мүчөлөрдүн көлөмүн норма катары кабыл алышат. Кинодо бардык нерсе, көркөмдөлүп, апыртылып, чындыктан алыс болуп көрсөтүлөт.

Ошондой эле кимдир бирөө, балким кичинекей кезинде жыныс мүчөсүн кичинекей деп койгон. Же биринчи жолу жыныстык катнашка барганда өнөктөшү шылдыңдаган. Бул сын пикир өмүр бою мээсинде калып калат.  

Жыныс мүчөнүн чоң-кичинеси көйгөй эмес, эрекциянын тез бүтүп калышы, мына бул чындап дарыланууну талап кылган маселе. Эрекцияны узартуу үчүн эркектер алгач өздөрүнүн жашоо образына, тамактануусуна, ашыкча салмакка, жана зыян келтирүүчү адаттарына көңүл бөлүшү керек. Спорт менен машыгып, тамеки чегүү, ичимдик ичүүнү токтотору менен ден соолук жакшырат. Аны менен сексуалдык функция да өз калыбына келет.

Аялым кумардан эмес, оорудан бакырат. Жыныс мүчөсү чоң эркектердин көйгөйү

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт