Жигити бир тууган эжесине үйлөнүп алган кыздын баяны
Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет.
Редакциябызга келип түшкөн бул кыздын катында эжеси менен жигити баш кошуп алганы айтылат.
Баары бизди “сулуусуңар” деп айтышчу
Бир тууган эжем, биринчи сүйүүм мага чыккынчылык кылат деп эч ойлогон эмесмин.
Эжем экөөбүздүн ортобуз бир жаш. Чогуу бир мектепте окучубуз. Болгону мен бир класс ылдый элем. Бой жетип баштаганда, артыбыздан чуркаган жигиттер көбөйдү. Баары бизди “сулуусуңар” деп айтышчу.
Азат менен жаңы жылдык кечеден таанышкам. Анда 8-класс элем. Ал 11-класс, мектептин президенти. Бийге тартып, көптөн бери мени жактырып жүргөнүн айтты. Кече бүткөндөн кийин, үйгө чейин узатып келди. Ошентип, мамиле кура баштадык.
Эртең менен жолдун башында күтүп турат. Чогуу мектепке барабыз. Түнү менен сүйлөшөбүз. Ээрчишип сейилдейбиз. Майрамдарда көңүлүмдү алып белек берет. Кээде капыстан сюрприз жасайт. Мугалимдерибиз, классташтарыбыз баары суктанып карайт. Айтоор, сүйүү эмне экенин Азатка жолукканда билдим.
Эжем да кубанганын айтып, жакшы жигит деген.
Ошентип, акыркы коңгуроо болду. Азат окууга тапшырганы шаарга жөнөдү. Ыйлап узатып калдым. Күн сайын телефон чалып, акыбалымды сурайт. Шаардан бир нерселерди салып жиберет. Айтоор, мурункудай эле камкор.
Көп өтпөй таптакыр жоголуп кетти
Эжем 9-классты бүтүп, колледжге тапшырганы шаарга кетти. Буйруса, бир жыл чыдасам, мен дагы кетем деп жүрдүм.
Бара-бара Азаттын чалганы азайды. Бир аз сүйлөшүп телефонду коюп коет. Кышкы каникулда айылга келип кеткенин да айтпаптыр. А мен ал күндү канча күткөм. Көп өтпөй таптакыр жоголуп кетти.
11-класска чейин окудум. Университетке тапшырдым. Азатты эч унуткан жокмун. Социалдык тармактардан канча издеп таппай койдум.
Азатты көрүп, эсимди жоготуп койдум
Эжем турмушка чыгаарын айтты. Буга чейин бир бала менен сүйлөшүп жүргөнүн билчүмүн.
Сүрөтүн көрсөтүңүзчү десем, “тойдон көрөсүң” деп күлүп койчу.
Кыз узатуу. Күйөө бала келди. Ким деп, чуркап чыксам, Азат экен. Мени байкамаксан болуп үйгө кирип кетти. Денемди калтырак басып, эсимди жоготуп койдум. Көзүмдү ачсам, төркү бөлмөдө жатыпмын. Жанымдагы жеңемдер, “эжесинин кеткенин да көрбөй калды” деп сүйлөшүп жатышыптыр.
Жакында ресторанда той болот. Барбайм десем, “жалгыз сиңдиси болуп туруп кантип барбай коесуң” деп ата-энем урушат. Эжем менен ошол күндөн бери сүйлөшө элекмин.
Кантип эжем бул нерсеге барды? Азатчы? Түбөлүк сүйүп өтөм деген сөздөрү кайда? Адамдарга болгон ишеничим жоголду. Табитим жок, муңайып эле бир жерди карап олтура берем. Ата-энем күйпөлөктөп жанымдан чыкпайт. Эмне болду дешет. Аларга жездем жигитим болчу экенин кантип айтам? Күндө ыйлайм. Жашагым келбей баратат...
Адис кеңеш берет
Психолог Эльвира Чокоева жашоодо бумеранг мыйзамы жакшы иштээрин айтат:
Таарынычтан оору пайда болот. Келечекте, өзүңүз үчүн бир тууганыңызды кечиргенге аракет кылыңыз, бирок ар дайым ортодогу аралыкты сактаңыз: пландарыңыз, жеке жашооңуз тууралуу айтпаңыз.
Кандай гана мааниси жок кенештерди бересинер. Жигитин эжени тандаган болсо пешенесине ошол жазылган. Таарынып бир туугандан алыстаган болбойт. Анан дагы жашагым келбей жатат деген ой бул ото эле акылсыздын ою. Жигит толтура, а бир тууган табылбайт. Баарын кечирип эжен менен мамилени туздо. Бирок туугандан баш кечкен адамга бейиш арам болот деген хадис бар.