// //

Ат үстүндө 4 саат жүрүп, балам өлүк төрөлдү. Күйөөсүнөн азап көргөн аялдын баяны

2019.07.05, 20:05
7737

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет.

Реадкциябызга келип түшкөн Миргүл (аты өзгөртүлдү) айымдын катында, кайын журтунан көргөн азаптары тууралуу айтылат. 

Кайын энем жайлоодон төрөтөм деди

Силер менен өз башымдан өткөн окуяны бөлүшкүм келди.  

2005-жылы мектепти аяктадым. Шартка  байланыштуу окууга тапшыра албай калдым. Бул менин эң чоң арманым.

Артыман бир жигит ээрчип жүрчү. Дос катары сүйлөшүм койчумун. Кийин мени ала качып кетти. Алып кеткени ата-энем келди. Ызы-чуу болуп акыры мени таштап кетишти. Шок абалында элем. Эмне болгонун түшүнбөй калдым.

Ошентип, келиндик доор башталды. Күйөөм күн сайын, “ата-энең бизди теңине албай кууп келген” - деп, күн сайын кулак-мээни жейт.

Көп өтпөй боюма бүттү. Үйдөгү түйшүктүн баарын мага жүктөп коюшкан, мал да карайм. Суу кетип баштады. Көңүл бурбай, прокладка коюп жүрө бердим. Кечинде тура албай жатып калдым. Кайын журтум жаман көрүп, бейтапканага алып барышты. Суум кургап калыптыр, ийне сайып жатып төрөтүштү. Кыз төрөдүм.

Үйгө чыгып келсем, баары мени жаман көрүп карашат. Өлгүм келди, кызымды аядым.

Көп өтпөй дагы кош бойлуу экенимди билдим. Жайлоодо элек. Толгоом башталды. Кайын энем, “илгери жайлоодо эле төрөгөнбүз, өзүм төрөтүп алам”,-деп жибербейт. Күйөөм бейтапканага алып барчы десем эле ызырынат. Акыры кайын атам кийлигишип жатып, мени алып жөнөштү.

Күйөөм атка учкаштырып алды. Бир нерсе дегенден коркуп, унчукпай кете бердим. 4 саат жол жүрдүк. 10 күндөн кийин балам өлүк төрөлдү. 9 ай көтөрүп, колума алалбай калганыма буулугуп ыйладым.

Үйдөн кетип калдым. Уруп-сабап кайра алып келди. Жанымды кыйам деп, колума тийген даарынын баарын ичип алдым. Эсимди жоготуп коюпмун. Бир жума үйдөн чыгарбай, эч кимге көрсөтпөй карашыптыр.

Күндөр өтүп жатты. Кайра качып чыктым. Күйөөм артыман барып таап алып, бычыктап, "өлтүрүп коем" - деп коркутту. Сотко кайрылып жатып акыры ажыраштык.

Азыр жашоом жакшы. Кудайга шүгүр, 4 балам бар. Болгону, кызым өз атасын көрбөй чоңоюп жатканы өкүндүрөт. Атасы бир да жолу кабар алып келбеди. Кызым, “эмнеге мени тааныбайт”,-деп сурайт. Эмне деп айтам? Көргөн азаптарымдыбы? Же өзүмдүн чыдабай кетип калганымды айтамбы? Иши кылып күнө кимде экенин да билбем. 

Адис кеңеш берет

Эльвира Чокоева, психолог

Саламатсызбы! Башыңыздан Көп кыйынчылыктар өтүптүр. Сизге аябай боорум ооруп жатат. Сиздин окуяңыз татаал экен, жакшысы ажырашып, жаңы жашоо баштапсыз. 

Катыңызды окуп чыккандан кийин, ажырашканыңызга карабастан, эски мамилеңизде калып калганыңыз сезилип турат. Ден соолугуңуз жана балдарыңыз  үчүн, күйөөңүз жана анын үй-бүлөсүнө карата болгон таарынычтан кутулууну сунуштайм. Ооба, оңой эмес. Бирок, бул нерсени жасоо абдан маанилүү, себеби күйөөңүзгө болгон нааразычылык балдарыңызга да трансляцияланат. 

Күйөөңүзгө ыраазычылык катын жазып, мисалы, кызыңыз үчүн, андан кийин, балдарыңыз жок жерге барып, өрттөп салыңыз. 

Кызыңыз жана анын суроосуна токтолсок, атасынын кадыр-баркына шек келтирген жаман сөздөрдү айтпай эле коюңуз, себеби ал сөздөрүңүздөн келечекте кызыңыздын эркектерге болгон мамилеси көз каранды. "Атаң келе албайт" - деп коюу жетиштүү. 

Ошондой эле кызыңызга, башыңыздан өткөн оор турмушуңуз жөнүндө ооз ачпаңыз, жаңыдан калыптанып келе жаткан психикасын аяңыз. Болбосо, кызыңызда өмүр бою күнөө сезимин пайда кыласыз.

Билим алуу боюнча орундалбай калган кыялыңыз - шаарда турсаңыз, маникюр, татуаж, визаж боюнча курстар көп. Мындай мастерлер катардагы кызматкерлерден көп табышат. Ойлонуп көрүңүз.

Сизге бакыт каалайм!

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
М
Миргул Муктарова
09.07.2019, 11:40

Менин атымды айтып жазып койгонсунар го?

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт