// //

Кумарга батып жатканда "таштап кетпейсиңби" деп ыйлачу. Музыкант жигиттин баяны

2019.06.19, 16:35
8353

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет.

Редакцияга келип түшкөн бул жигиттин каты көңүлүбүздү бурду. 

Актан (аты өзгөртүлдү), 28 жаш

Силерге ичимдеги букту чыгарып, төгүлүп-чачылбасам жарылып кетчүдөймүн.

Жамкам (аты өзгөртүлдү) менен бир жыл кыз-жигит статусунда болдук. Экөөбүздүн тең үй-бүлөбүз мамилебиз жөнүндө билишчү. Ээрчишип басканда көптөр суктанышчу.

Нике кыйыла элек болсо да, аял –күйөөдөй элек. Баш кошобуз деп ниеттенчүбүз.

Жамкамды жолуктурганда кыз эмес болчу. Намысты жыйыштырып коюп, үйлөнөм деп, көзүнүн агы менен тең айланып, ичкен ашымды жерге койчумун.

Музыкантмын. Тамадалык кылып иштейм. Жамкам күч структурасында эмгектенет. Сүйүүмдүн күчтүүлүгүнүн белгиси - милиция чечимине каршы болгон жокмун.

Укук коргоо органына барып жумуш ордун сүйлөштүк. Аскер билетим бул кызматка жарабайт экен, бир ай армияга жөнөмөк болдум.

Кошулуп жатканда, “мени таштап кетпейсиңби”,- деп ыйлачу. Өмүр бою сүйүп өтөөрүмдү айтчумун. Жүрөгүмдү эчак эле ээлеп алганын өзү да билчү. 

Кетейин деп жатканда сүйүү баяныбызга чекит коюлду. Айтканын эки кылбай жүрсөм, башка эркек менен жолугуптур. Баарын билип калып, мамилебизге чекит койдум.

"Мени алдап ал жигит менен кандай максатта жолуктуң? Анда мени менен эмнеге жатып жүрдүң? Ал нерсе сени ойлондурбайбы?" деген сөзүмө катуу таарынды. Ал үчүн жанымды бергенге даяр элем.

Машина айдаганды үйрөттүм. Унаамды аварияга учуратса, катуу айтпай чекесинен өөп жоошутчумун.

3 ай болду. Сүйлөшө элекпиз. Алаксып башка кыздар менен жолугуп көрдүм, бирок Жамкам оюмдан кетпей койду. Сагынып көзүмө жаш алам. Арыктадым, стресстен оорукчан болдум. Аны башка бирөөлөргө ыраа көрбөйм.

Учурда армиядамын. Сүйүүмдөн ажырагандан кийин, пландарым талкаланып жашоонун кызыгы кетип калды. Баарына кайыл болуп, жанымды кыйгым келет.  Ата-энем, бир туугандарым гана кармап турат. Кеңешиңерге муктажмын.

Адистер эмне дейт

Писхолог Жакшылык Жыргалбеков мындай абал "сүйүү травмасы" деп аталаарын айтат:

Биринчиден, бул жагдай эки кишинин ортосундагы эмоционалдык байланыш өтө катуу болгондугун билдирет. Экинчиден, эгер адам өзүн күнөөлүү деп эсептесе,  психологиялык жана эмоционалдык абалына таасир этет, негативдүү ойлор абалды начарлатат.

Эгерде бул симптомдор байкалса жана алты айдын ичинде эч нерсе өзгөрбөсө, психологиялык жардам алыш керек:

  • чогуу болгон учурду дайым элестетсе;
  • тамака табит жоголсо;
  • уйку качса;
  • агрессивдүү болсо ж.б. 

Бул абалдын чыгуунун бир жолу -  негативдүү ойлорго каршылык көрсөтүп, аларга маани бербей коюу. Алаксып жаңы пландарды түзүү керек.

Психолог Ильдар Акбутин сүйгөн адамың таштап кеткенде эмне кылуу керек экенин айтып берди.

  • Канчалык көп ажырашууну ойлоно берсеңиз, ал ошончолук чоңое берет. Жатып алып кайгыруу биринчи убактарда пайдалуу. Ал эми бул нерсе айларга созулуп кетсе, жаратыңызды ырбатат. Курмандык болуудан качыңыз. Активдүү болуп, өзүңүзгө жаккан нерсени кылыңыз.
  • Баардыгын өткөн чагыңызга калтырып, келечекке багыт алыңыз.
  • Күтүүдөн алыстаңыз. Жашоо көп учурда акыйкатсыз. Өнөктөшүңүзгө болгон ачууңузду, көңүл калуу сезимине алмаштырыңыз.
  • Өзүңүздү алсызмын деген мифтен алыстатып, сүйүүңүз алсыз деген далилди кабыл алыңыз.
  • Жарааттар өлтүрбөйт. Бирок ошол эле убакта күчтүү кылып да койбойт. Жараат болгону оору. Аны тереңдетип албаңыз.
  • Элдерден оолактап, өзүңүздү камап койбоңуз. Жакындарыңыз менен мамиледе болуңуз. Аларга кандай абалда экениңизди айтыңыз.
  • Сүйүүдөн калган жараатка жылдарды коротуунун кереги жок.
  • Сиз дагы сүйүүгө жолугасыз. Сүйүү жараатына, сен сүйүүгө татыктуу эмессиң деп айтышына жол бербеңиз.
  • Өзүңүзгө болгон бааны жана күчүңүздү калыпка келтириңиз. Адистин жардамына кайрылсаңыз дагы болот.
  • Эгерде жүрөгүңүздү ооруткан адам менен мамиледе болсоңуз, чогуу адиске кайрылыңыз. “Сен күнөөлүсүң, кетирген катаң үчүн жооп берүүңдү талап кылам” деген оюнга кармалып калбаңыз. Башыңыздан өткөн абалды анализдеп, келечекке болгон планды өзгөртүңүз.
  • Сүйүү жараатын өсүү точкасына айлантыңыз. Кандайча десеңиз: жашооңуздун урашы эмес, жаңы нукка бурулушу катары кабыл алыңыз.
  • Толугу менен сакайуу үчүн өзүңүзгө убакыт бериңиз. Болгону азап тартууну узакка созуп жибербеңиз. Сакайуу менен бирге, келечекке пландарды коюңуз.
  • Уялуу сезиминен алыстап, башыңыздан өткөн окуяны бирөөлөргө айтуудан тартынбаңыз. Мүмкүн сиздин тажрыйба, башкаларга үлгү болот. Мүмкүн пост же китеп жазасыз.

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Б
Белек Мирбекович
23.06.2019, 19:07

Жан дүйнө оорусу жаман, убакыт гана керек. 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт