Балдарым чарчап, курсактары ачкан. Мигранттардын окуясы
Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын журналисттери Миграция боюнча эл аралык уюмдун колдоосу менен “Дети мигрантов” аттуу социалдык долбоорду ишке ашырышты. Долбоордун максаты - мигранттардын балдарына көңүл буруу, алар туш болгон кыйынчылыктарды аныктоо.
Blesinbi.kg беш баласы менен көчөдө калып калган Чынгыз менен Алманын окуясын айтып берет.
Биз Кыргызстанданбыз. Бир нече жыл мурун Россияга барып иштеп жакшы акча таап келгенбиз. Тажрыйба топтоп, байланыш түзүп, бул жерде акча тапса болоруна көзүбүз жетип кайтканбыз. Бул жолу балдарыбызды туугандарга калтырбай эле кошо ала кетели деп чечтик. Беш тентек баланы караш оңой иш эмес. Албетте, кабатырланып жаттык. Жаңы жерге балдар көнүп кетеби, кыйналышпайбы, деп. Эмнеси болсо да бирге кетели, бирге бололу деген чечим кабыл алдык.
“Бардыгы жакшы болот деп ишенгем: Екатеринбургда кафеде мени күткөн жумушум бар эле. Жумуш бар болсо, жашооң жүрө берет дегендей. Ал эми Алма үйдө отуруп, нан жасап сатмак. Балдар да жанында, аз болсо да киреше табат. Ошентип Кыргызстандан чыгып узак жолго аттандык. Челябинскийдеги “Бугристое” постуна келип жеттик” – дейт Чынгыз.
“Алманы чек арачылар өткөрбөй коюшту. Россия Федерациясынын миграциялык мыйзамын бузгандыгы үчүн анын фамилиясына өлкөгө кирүүгө тыюу салынган экен. Кеңешип-кептешип, акыры жолумду жалгыз улантып, Алма үйгө кайтып мени күтмөк болду. Үй-бүлөмөн ажырап, жалгыз жөнөп кетүүдөн башка арга жок. Бирок кайра бирге Кыргызстанга баруудан пайда жок. Жол киребизге көп каражат коротуп койдук, аны текке кетирүүгө шартыбыз жок эле» - деп ал күндөрду Чынгыз эсине салды.
Артка кайтуу үчүн чектелүү эле акчабыз бар. Бүт Казакстанды аралап өтүш керек. Жаңы жылдын алды болчу. Поезддин билеттери эбак эле сатылып кеткен. Бир нече күнгө көчөдө калып калдык, - дейт Алма. Балдарым ыйлап, менин айлам түгөнүп эмне кыларымды билбей турдум. Вокзалдын алдындагы скамейкада бир нерсе күткөндөй отурдум. Билет өзү келчүдөй отура бердим, отура бердим. Балдарым чарчап, курсактары ачкан. Бул жаңы жыл өмүр бою эсибизде калды.
Бактым бар экен. Вокзалдан жердештерибизге жолугуп калдым. Ошолор жардам беришти. Алар болбосо азыркы күнүм эмне болмок, элестете албайм. Жердештерибиз бир нече күн үйүнө батырып, кийин мекенибизге кетишибизге жардам беришти.
Сиз да өзүңүздүн окуяңарды айтып бериңиз. Bilesinbi.kg сайтына же 0704004608 ватсап номерине жазсаңыз болот.