// //

Кош бойлуу кезде баланын тонунда суунун көп болушу. Кандай кесепеттери бар?

2019.06.11, 10:29
8081

Акушер-гинеколог Раушан Джумагулова аялдын кош бойлуу учурунда тондогу суунун көп болушу, анын себептери жана кесепети тууралуу Bilesinbi.kg’ге айтып берди. 

Кош бойлуу аялдын тонунда суунун көп болушу эмнеден улам келип чыгат?

Нормада кош бойлуу аялдын тонунда 1-1,5 литр суу болот. Аталган нормадан ашканда “тондогу суунун көп болушу” (многоводие) деген диагноз коюлат.

Тондогу суунун көп болушунун негизги себептери: инфекциялык оорулар, ымыркайдын чоң болушу, кант диабети, пиелонефрит, зат алмашуу процесстеринин жабыркашы, жүрөк кан тамырларынын оорусу,резус конфликт, бойго бир нече баланын бүтүүсү.

Суунун көп болушу кандай коркунучтарга алып келет?

Эне үчүн: болочок эненин ичи өтө чоң болот. Дем алуу жана жүрөктүн кан тамырлары системалары жабыркайт. Төрөт узак жана оор өтөт. Аялдын жатыны чоюлуп калат. Мөөнөтүнөн эрте төрөйт, ымыркай жатында аномалдуу жайгашат.

Бала үчүн: ымыркайдын өрчүшүндө кемтиктер пайда болот. Борбордук нерв системалары толук калыптанбай, ички органдары өрчүбөйт. Суунун көп болушу курч өтүп жатса, кош бойлуулукту токтотууга туура келет.

Белгилери

Кош бойлуу аялдын буттары, колдору шишийт. Дем алуусу оор болуп, тамырдын кагышы тездейт. Бирок өз алдынча аныктоо мүмкүн эмес. Тондогу суунун көп болушу УЗИден гана көрүнөт. Клиникалык аныктама берүү үчүн гинеколог ичтин көлөмүн ченеп, баланын жүрөгүнүн согушун тыңшайт. Тондо суу көп болгондо ымыркайдын жүрөгүнүн кагышы жакшы угулбайт.

Дарылоо

Бейтап анализ тапшыргандан кийин организминде кандайдыр бир инфекциялык реагент аныкталса, анда антибиотиктер менен дарылайбыз. Бирок бул процесс өнөкөт экенин эске алганда дарылоо өтө оор. Кош бойлуу аял ай-күнүнө жакындаганда эне менен баланын абалы канааттандыраарлык болсо, өз алдынча эле төрөйт. Ал эми жашоого мүмкүн болбой турган паталогиялар аныкталса, генетиктин консультациясын алып, кош бойлуулукту токтотуу маселеси көтөрүлөт.

Алдын алуу

Эне жана баланын ден соолугу чың болуу үчүн кош бойлуулукту сөзсүз пландаштыруу керек. Алдын ала текшерүүдөн өтүп, адистерге көрүнгүлө.  Тиштерди, бөйрөктү дарылаткыла. Ден соолугуңарга кам көргүлө. Көп кыймылдап, спорт менен машыгып, туура тамактангыла.

Аялзатына аяр мамиле кылгыла!

Бойго бүтүүнү кантип пландаштыруу керек? бул жерден окуңуз

Кош бойлуулук календары (1-12 жума; 13-24 жума; 25-40 жума) бул жерден көрсөңүз болот

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт