// //

Улгайганда ата болгондон уялып жатам. Жашы 60ка таяп калган эркектин баяны

2019.06.04, 16:39
9980

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет.

Абылгазы (аты өзгөртүлдү) жакында ата болот. Бирок бул тууралуу дос-туугандарына кантип айтууну билбей турат. Себеби жашы 60ка таяп калган.

"Чачтарымды ак баскан, бетим бырыш"

Аялым 2 жыл мурун каза болгон. Быйыл үйлөндүм. Жубайым 38те, ажырашкан, кызы күйөөсүндө.

Жакында ата болоорумду уктум. Аялым кош бойлуу экенин айтканда шок болуп калдым.

Эмнесин жашырайын жашым 60ка жакындап калды. Балдарым чоңойгон, неберелерим бар.

Балага каршы эмесмин, бирок менин курагымда эч ким ата болбойт. Ата болуу үчүн мен өтө эле карымын: чачтарымды ак баскан, бетим бырыш.

Аялым төрөөрүн айтат. “Сен сүйүнгөн жоксуң”,-деп таарынып жүрөт.

Акыркы убакта бул тууралуу көп ойлоно берип түнт болуп баратам. Ал эми аялымдын курсагы чоңоюп жатат.

Досторума, балдарыма, туугандарга кантип айтсам? Уялып жатам.

Ильдар Акбутин, психолог

Баланын жарык дүйнөгө келиши үй-бүлөнү зор кубанычка, бакытка бөлөйт, анан да аялыңыз үчүн көптөн күткөн бала экен. Бирок элдер кандай кабыл алат деген коркуу, бул кубанычты жокко чыгарып коюшу мүмкүн.

Эмне үчүн сиз досторуңуздун, балдарыңыздын жана туугандарыңыздын ой-пикирине таянып жашайсыз? Кандай ойлойсуз, алар балалуу болоордон мурун, сиздин пикирди угабы?

Эреже катары, “Эл эмне дейт?” деген адамдар жашоосуна ыраазы эмес, өзүнө болгон баасы төмөн. 

Эстеп көрсөңүз, илгери алтмыштагы эркектин балалуу болушу анын күчтүү жана кадыр-барктуу экенин көрсөтчү. Ал тургай, бул балдарын баса белгилөө үчүн “Алтымыш” деп атап коюшкан.  

Улуу курактагы ата-энелердин балдары акылмандык менен тарбияланат деп айтылат. Себеби алар бул жашында балдарга татыктуу тарбия берүүгө зарыл болгон тажрыйбага ээ болуп калат.

Илимий жактан алып караганда, аял кош бойлуу болгондо жашарат, бул сизге да тиешелүү. Өзгөлөрдүн пикирине маани бербесеңиз, анда балаңыз үчүн мыкты ата, ошол эле учурда чоң ата боло аласыз.  

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
А
Аноним
05.06.2019, 01:07

Эн туура уялбай кайра сыймыктанын 

0
Пайдалуу жооп
Р
Рита
05.06.2019, 10:24

Куттуктайм!

0
Пайдалуу жооп
07.06.2019, 03:20

Кайра жакшы да бала жытын жыттаган суйунуш керек

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт