// //

Пирамида системасына алданып акчамды алдыртып койдум. Кайра кантип кайтарам?

2019.05.31, 10:36
1627

Менин көйгөйүмө башка да адамдар туш болсо керек. Чет элдик пирамида системасына алданып акчамды алдыртып койдум.

Questra world деген компанияга чакырып калышты, эмне болуп кирип акчамды бергенимди азыр деле түшүнбөйм. Бизди каттаган эже укмуш ишендирип сүйлөп, улгайып калгандарга пенсияңарды салсаңар, айына 20% көбөйтүп беребиз деп убада кылган. Пайдасын жума сайын берип турабыз деген. Биз акчаларыбызды салдык. Акчалай каражаттарыбызды текшерип туруу үчүн атайын тиркеме жүктөп алганбыз. Андан кийин менин эсебим блокко түшүп калды, акчасын бир жылдан кийин чоң сумма кылып чыгарып берем деди.

Андан бери бир эмес, эки жыл өттү. Каттаган эже ар кайсыны сүйлөп жок болуп кетти. Жакында счетумду текшерсем, акчанын барын чыгарып кетиптир.

Ортодо эч кандай тил кат, документ жок. Кимге кайрылышым керек? Суранам жооп алып бергилечи?

Bilesinbi.kg'нин окурманынын суроосуна “Линия защиты” укук коргоочу коомдук фонддун адиси, адвокат Ширин Алмазова жооп берди. 

Сиз бул аялга карата Алдамчылык, башкача айтканда алдоо жолуу менен акча каражаттарын алып калуу фактысы боюнча РИИБге кайрылып арыз жазсаңыз болот. Арызыңыз бирдиктүү реестрге катталып, арыз кабыл алынды деген талон-билдирме берилет. Анда QR код бар, ал аркылуу сиздин арызыңыз учурда кимде экенин кабардар болуп турасыз. Бул аял менен болгон жазышууларыңыз сакталып калса, кагазга чыгарып тергөөчүгө көрсөтүңүз. Андан тышкары жүктөп алган тиркемедеги көрсөткүчтөрдү да кагаз жүзүндө чыгарып алыңыз.

Ийгилик!  

Окурмандарга кайрылгым келет. Эч нерсе кылбай туруп тез арада байып кетүү мүмкүн эмес. Шек жаратуучу долбоорлорго кирүүдөн этият болгула. Алар менен түзүлгөн келишимдер сиздин кызыкчылыктарыңызды коргобойт  жана сиздин каражатыңыздын кайтарылып берилишине кепилдик бербейт.

Бул жактан окуңуз: Сетевой маркетинг жана финансылык пирамидалар тууралуу эмнелерди билүү керек?

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Э
Эмиль
01.06.2019, 07:46

Qwestra world Ал менин укканым боюнча кытайларга сатылып кеткен Компания.Азыр Кытайдан кайра Башка ат менен иштеп баштаган деген соз журот

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт