// //

Сетевой маркетинг жана финансылык пирамидалар тууралуу эмнелерди билүү керек?

2019.03.27, 16:44
3896

Тармактык (сетевой) маркетинг жана финансылык пирамидалар тууралуу эмнелерди билүү керек экенин Bilesinbi.kg сайтына юрист Ширин Алмазова айтып берди.

Тармактык маркетинг

Тармактык маркетинг мыйзам тыюуу салбаган коммерциялык иш жүргүзүүнүн бир түрү. Ал дүйнөнүн бир катар өлколөрүндө өнүгүп келет жана чоң популярдуулукка ээ. Тармактык маркетингдин максаты продукция тууралуу маалыматты таркатуу, сатып алуучуларды тартып келүү, товар же кызматты тикелей сатуу.

  • Тармактык маркетинг расмий түрдө катталат, жана юридикалык жак экендиги тууралуу күбөлүк алат.
  • Тармактык маркетингге катышуучу болуп киргенде чоң эмес суммадагы каражат талап кылынат (100-200 сом).
  • Тармактык маркетингде товарды сатуудан түшкөн каражат айландырылат.
  • Ар бир кызматкер канча товар сатса ошого жараша акча алат.
  • Тармактык маркетинг бир заматта укмуштуудай байып кетүүнү убада кылбайт. Иштесең, тиштейсиң деген принцип менен иштешет.

Финансылык пирамида

Финансылык пирамиданын тармактык марткетингден негизги айырмасы, ал эч нерсе сатпайт. Анын негизинде катышуучулардын акчасы жатат. Финансылык пирамиданын иштөө принциптери төмөндөгүдөй:

  • Финансылык пирамидалар мыйзамсыз иш алып барышат. Алар кардарларын интернет аркылуу издешет, ал эми каражаттарын офшордук зонада сакташат. Өнүккөн өлкөлөрдө алардын иш алып баруусуна тыюуу салынган.
  • Финансылык пирамидага кошулганда ири суммадагы акча талап кылынат (100 $дан жогору).
  • Финансылык пирамида эч нерсе сатпайт (айрым учурларда түшүнүксүз жана эч кимге кереги жок товарларды сатышы мүмкүн), анын максаты жаңы кардарларды тартуу жана алардын салган акчаларынын эсебинен ишмердүүлүгүн жүргүзүү.
  • Финансылык пирамидаларда узак мөөнөткө түзүлгөн пландар жок. Кирешени бизнес жаңыдан түптөлүп баштаганда гана табуу мүмкүн (бирок буга эч кандай кепилдик жок).

Биздин республикабыздын мыйзамы боюнча, финансылык пирамиданын ишмердүүлүгүнө, ага катышууга, жана финансылык пирамида аркылуу финансылык активдерди тартып келүүгө тыюуу салынган. Финансылык пирамиданы уюштуруу жана анын ишмердүүлүгүн жетектөө Кылмыш-жаза кодексине ылайык 5 жылдан 7 жылга чейин камакка алуу жазасы менен жазаланып, 60 000 сомдон 80 000 сомго чейин айып пул салынат. 

Окурмандарга кайрылгым келет. Эч нерсе кылбай туруп тез арада байып кетүү мүмкүн эмес. Шек жаратуучу долбоорлорго кирүүдөн этият болгула. Алар менен түзүлгөн келишимдер сиздин кызыкчылыктарыңызды коргобойт  жана сиздин каражатыңыздын кайтарылып берилишине кепилдик бербейт.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт