// //

Күйөөм ким менен жүргөнүн айтпайт. Жаш келиндин баяны

2019.05.22, 12:10
6517

"Башында жашырчумун, азыр ичиме батпайт",- деп кебин баштаган Айзада (аты өзгөртүлдү) Bilesinbi.kg’ге өз баянын айтып берди. 

Башка кыз-келиндерге барат

Күйөөм экөөбүз баш кошкондон бери ичет. Кол көтөрбөйт, бирок намыстанбайт, иштебейт. Эртең менен кетет, кечинде келет. Үй менен иши жок. 6 жашар балабыз бар, ага карабайт.

5-6 айда бир арагын токтотот. Ичпей калса жумуш таап, иштеп акчасын берип, үйгө азык-түлүк алып, киши өңдөнүп калат.

Ким менен кайда жүргөнүн айтпайт. Анын кайда экенин сурагандарга "билбейм" деп жооп бергенден уялам. Ичип эле тим болбостон, башка кыз-келиндерге барат.

Балам үчүн жашап келем

Үй-бүлөбүздүн максаты жок. Кетип калайын дейм, балам атасын, чоң энесин, чоң атасын жакшы көрөт. Эки жыл күтүп төрөгөн баламды, ушунча чоңойтуп алып, таштап кетсем болбой калат го.

Мындан бир жыл мурун ажырашканбыз. Балам чоң энесинде калган. Ал мага, мен ага куса болуп, айлам кетип кайра келгем. Өзгөрөт экен деп жарашкам, өзгөрбөдү, баягы эле күндөр. Кайын-журтум жакшы, мени колдойт. Күйөөмдүн ичкенин төркүнүм билет. Көңүлүм да муздап калгандай. Кандай кылганда жашоом оңолот?

Асель Баимбетова, психолог psihologiya_kg

Саламатсызбы! Үй-бүлөңөрдө мындай жагдай болуп жатканы өтө өкүнүчтүү. Ичкиликке көз каранды адам менен жашоо абдан кыйын, үй-бүлөнүн бардык жүгүн өзүңүз көтөрүп, күйөөңүздүн милдетин аткарып, ал “запойго” кеткенде, үй-бүлөңүздү жалгыз камсыздап, балаңызды багууга туура келет.

Күйөөңүз аракечтик менен ооруйт, дарылоо керек жана оң жыйынтыкка анын сакайууга болгон күчтүү каалоосу менен гана жетүү мүмкүн. Эгер ушул бойдон кала бере турган болсо, аны менен жашайсызбы же жокпу өзүңүз чечесиз.

Көп учурда күйөөсү ичкен аялдар менталиттеттин, "эл эмне дейт” деген түшүнүктүн айынан чыдап, жакшыга үмүт артып жүрө берет, тилекке каршы аягы алар күткөндөй болбойт. Мындай айымдардын абийирдүү, чыдамдуу, толеранттуу, жоопкерчиликтүү сыяктуу психологиялык өзгөчөлүктөрү өздөрүнө эле терс таасирин тийгизет. Күйөөлөрү бул сапаттарынан пайдаланып үй-бүлөсүнө, жүрүм-турумдарына жоопкерчилик албайт. Бул психологияда  “бири-бирине көз каранды байланыш” деп аталат. Өзүңүздүн тил алчаактыгыңыз, жардамыңыз менен  анын аракечтигин бекемдейсиз. Мисалы:

  • Ал карызга ичимдик алат – сиз төлөйсүз.
  • Ал карызга акча алат, уят деп, сиз кайтарасыз.
  • Бирөө менен урушуп кетет, милицияга барып айып пул төлөйсүз.
  • Ал иштебейт, азык-түлүктү сиз сатып аласыз. Бул учурда ал "ичсем да, жашоого керектүү нерсе бар, жоопкерчилик алуунун кереги жок" деп ойлойт.

Жакындарыңыз менен кеңешиңиз. Жүрөгүңүздү угуп, бир чечимге келиңиз.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
О
Омургул
22.05.2019, 21:02

Мейли чыданыз ежеке емнеси болсода ердин орду башка болот кайни журтунуз жакшы екенго баары жакшы болуп кетет. Ажырашсаныз деле жакшы турмуш жок каерге барсан мамайдын гору, сабыр кылыныз. 

0
Пайдалуу жооп
А
Азамат Аттокуров бизнес-консультант
24.05.2019, 03:05

Кеттиби?

0
Пайдалуу жооп
А
Аноним
24.05.2019, 03:07

Сиз кайсыл шаарда или кайсыл Областа жашайсыз?? Мына мен сизге жардам берем финансы жагынан ...

0
Пайдалуу жооп
э
эркеайым
25.05.2019, 10:41

Сабырдын түбү сары алтын. Арак ичүү бул ооруу, дарылоо керек. Спирт өзү отходдордон жазалат,  отходдун составы бүтүндөй бактериялардын турат. Спиртти алууда бактериялардан тазалайт бирок баары бир бактериялардын анча мынчасы чыпкадан өтүп кетет. Анан ал организмге кирген соң кийинкисин чакырат. Жана дагы организмге цинктин жетишсиздигинен арак ичишет. Мисалы капельница коюп организмди тазалагандан кийин убакыт өткөрбөй туруп цинк бере башташыныз керек. Анан токтотуп койбой бир курсун толук түгөтүш керек. Анан күйөөңүз ичпей калса жашооңуз оңолуп кетет. 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт