// //

50 жыл бирге жашаган кемпир-чал ажырашканы жатат. Бир үй-бүлөнүн баяны

2019.05.17, 11:38
4617

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет.

Редакциябызга келип түшкөн бул кыздын катында 70ке чыгып калган ата-энесинин ажырашып жатканы айтылат. 

Атам "көлгө кетем" дейт

Албетте, эми биз кичинекей бала эмеспиз, ар бирибиздин жеке турмушубуз бар дегендей. Ошентсе да, 50 жыл бирге жашаган ата-энебиздин “ажырашып жатабыз” деген кабары төбө чачыбызды тик тургузду.

Мен 26 жаштамын. 7 бир туугандын кичүүсүмүн. Атам 71, апам 68де. Бизди эч нерседен кем кылбай чоңойтушту. Бул үчүн аларга өмүр бою ыраазыбыз.

Чогуу жашагандарына 50 жыл болду. Былтыр юбилейин майрамдаганбыз. Небере, чөбөрөлөрү бой жетип калды.

Жакында баарыбызды чогултуп ажырашып жаткандарын айтышты. Себебин сурасак, “чогуу жашоо мүмкүн болбой калды”,- дешет. Баарыбыз уялып жатабыз. Ажырашып алып эмне кылышат?

Атам үйдү апама таштап, көлгө барып жашаарын айтты. Документтер бүтсө эле кеткени жатат. Эмне кылсак болот? Жөн карап тура албайт экенсиң.

Ильдар Акбутин, психолог

Эгер ата-энеңиз чогуу жашоо мүмкүн болбой калганын айтып жатса, чынында эле өз алдынча жашоо жакшы чечим.

Албетте, бул курактагы ажырашуу сейрек кездешүүчү көрүнүш. 70 жашка барып калган адамдар толугу менен балдарына көз каранды, ден соолугу начар болот. Бул жашка жетпегени да бар. Өздөрүнө ишенип, ажырашууну чечишсе, демек, буга чейин бир нерсе катуу кармап турган жана ажырашкандан кийин кандай жашай тургандары жөнүндө түшүнүктөрү бар.

Тынчсызданууга эч кандай негиз жок, баары бир ата-энеңерди сүйүп, жардам берүүнү уланта бересиңер. Болгону алар аял менен күйөө деген статустарын жоготот, бирок силер үчүн ата жана апа бойдон калат.   

Балким, бул алардын бири-бирисиз, өз алдынча жашоого аракет кылып көрүү үчүн акыркы мүмкүнчүлүгү. Тажрыйба көрсөткөндөй, ортолорунда сезим болсо, бирок жөн гана бири-биринен чарчап калышса, бир аз убакыт өткөндөн кийин кайра бирге болушу мүмкүн. Эгерде андай эмес болсо, алар үчүн бирге караганда өзүнчө жашоо алда канча жакшыраак.

Алар ата-энелик милдетин аткарышты, жети баланы бутуна тургузушту, пенсияга чейин иштешти, эми өз өмүрүн өздөрү тескөөгө укугу бар, туурабы?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
А
Аноним
17.05.2019, 11:57

Жок ажырашпасынчыы суранам ? ? ? ? ? ? ? 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт