// //

Жолдошум кыздыгымды алалбай койду. Жаш келиндин баяны

2019.05.08, 16:25
20688

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет.

Бул жолу күйөөсүнүн айынан жеңелердин жемесине калган жаш келиндин катына адистер берген жообун жарыялайбыз. 

Саламатсызбы! Жакында күйөөгө тийгем. Тилекке каршы, биринчи нике түндө кыз эмес болуп чыктым.

Жигитим менен 2 жыл сүйлөштүк. Ага чейин эч ким менен жакын мамиледе болгон эмесмин. Бирок, алар буга ишенген жок.

Той бүткөндөн кийин жеңелери бизди өзүнчө бөлмөгө алып барды. Ак жууркан-төшөк салып коюшуптур. Жаттык. Кан чыккан жок.

Шейшеп текшергени кирген жеңелери ызы-чуу чыгарышты. Күйөөм аларга кошулуп, “ким менен болдуң эле”, - деп жемеледи. Мени уккан киши жок.

Ата-энем келип, чогуу кайын журтубуз менен гинекологго бардык. Кыз болуп чыктым. Күйөөмдүн жыныс мүчөсү өтө кичинекей болгондуктан, кыздык белгиге жетпей калыптыр.

Кечирим сурашты. Бирок, жигитим экөөбүз сүйлөшүп, эки жолго түштүк. Өзүм деле, мага ишенбеген адам менен жашоону каалаган жокмун.

Сурайын дегеним, эркектин жыныс мүчөсү кичинекей болсо, кыздыкты алалбай калабы?

Азат Бейшенов, уролог

Кээ бир мырзалардын жыныс мүчөсүнүн өлчөмү 3-4 см болушу мүмкүн. Бирок, бул патология эмес, репродуктивдик функциясын (балалуу болуу) толук кандуу аткарат, аялдын жыныс кыны ыкташып, анын кумар алуусуна тоскоол болбойт. Болгону, кээде (жогорудагы окуя) көйгөйлөр пайда болушу мүмкүн.

Эгер эркектин жыныс мүчөсү кичине болсо, урологго келип, текшерүүдөн өтүш керек. Операция жолу менен 3 смге чейин узартса болот.

Гүлзина Мадримова, гинеколог

Кызым, сен кыздык жөнүндө коркпой эле кой. Кыз деп кимди айтат билесиңби, жыныстык катнашта болбогон, өзүн жакшы алып жүргөн кызды айтат. Өзүң айткандай эч ким менен болгон эмес экенсиң. Демек, кудай алдында сен тазасың.

Сен өзүң кыздык жөнүндө толук маалымат алышың керек экен. Мисалы, ал эмне, кайсы жерде жайгашкан, канткенде кан чыгат деген суроолорду билишиң зарыл. Себеби, кан кыздардын баарында эле чыга бербейт. Бул кыздык белгинин өлчөмүнө жараша болот: кээ бирөөлөрдүкү чоюлчаак, айрымдардыкы тубаса чоң.

Андыктан, ар бир кыз турмушка чыгаардан мурун гинекологго келип, текшерилип кетиши керек.

Кыздык белги тууралуу кененирээк бул жерден окусаңыз болот.

Эркектердин климаксы жөнүндө билгиңиз келсе бул жерди басыңыз. 

Эркек көпкө чейин жыныстык катнашка барбаса эмне болоору бул шилтемеде. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт