// //

Эмнеге ажырашкан кыз-келиндерди жеңил ойлуу дешет?

2018.08.22, 15:46
7305

Саламатсыздарбы, сиздерден кеңеш алайын дедим эле. Мен 23 жаштамын. Күйөөгө тийип чыккам, 3 ай мурун ажырашып кеттик. Себеби бул деп анык айта албайм, бири-бирибизге көнө албай койдук. Ортодо балабыз жок. Бизде билесиздер да, күйөөдөн чыккан кыздарды жеңил ойлуу деп ойлошот. Кайда барбагын тийишип, төшөккө тартуу аракетин көрүшөт. Эми табият адамдарды жыныстык катнашка барууга ылайыктап жараткандан кийин, кээде аябай кумар алууну каалайм. Ажырашкандан кийин эч ким менен кошула элекмин. Кошулайын дейм, бирок, жеңил ойлуу болгум келбейт. Минтип жүрө берсем, ооруп калбаймбы? Жыныстык катнашсыз жашоо канчалык зыян? Сиздерден жооп күтөм.

 

Илья Комаровер, психотерапевт, сексолог

Урматтуу айым, бат эле ажырашып кеткениңиздер өкүнүчтүү экен. Сиздей көйгөйү бар аялдар мага көп кайрылышат. Бул эми актуалдуу суроо. Кыргызстанда гана эмес жакынкы өлкөлөрдөгү никелердин 80% ажырашуу менен аяктап жатат. Мунун эң олуттуу себеби - адамдар кумар гана алып жашагысы келет. Алсак, ошол эле жубайлар бирин-бири уккусу келбейт, кандай гана чыр-чатак болбосун “ажырашам, башкасын табам” деген сөздөр менен аяктайт. Ажырашканы-ажырашып алып, өздөрүнө болгон ишеними төмөндөйт. “Күйөөм же аялым биринчимдей болуп калса эмне кылам” деп экинчи нике куруудан коркуп жүрө беришет. Бул эми  биринчиден.

Экинчиден, биз бири-бирибизди кабыл алгыбыз келбейт. Ошол эле күйөөңүз башка үй-бүлөдө тарбия алган, чоңойгон. Албетте ал сизге окшош болбойт. Тандаган жарыңызды кабыл алып, аны түшүнүп, пайда болгон кыйынчылыктарды чогуу жеңсеңер гана бактылуу болосуңар. Баарын сүйүү башкарышы керек. Мамиле курганды, аны сактай билгенди үйрөнүү зарыл. Болбой калды деп эле ажыраша берсек аягы эмне болот. Эми келечекте булар эсиңизде болсун.

Жыныстык катнашсыз жашоо зыян эмеспи деп жатасыз. Албетте, зыян. Эгерде кумар алгыңыз келсе, бир адамды издеп, таап, мамиле куруңуз. Жакшы адамдар көп. Өз алдынча мастурбация кылып кумар алып жүрө берсеңиз, нормалдуу үй-бүлө кура албайсыз. Адамдын бул жашоодогу милдети аркасынын урпак калтыруу, балалуу болуу. Ал эми бул нерселер үй-бүлөсүз болбойт. Мен сизге ийгилик каалайм!

 

 

 

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт