// //

Дыйканга кеңеш: көчөт тандоодогу негизги каталар

2019.04.05, 11:53
2168

Көчөттөрдү базардан, алып сатарлардын колунан сатып алган болбойт. 

Мурунку чыгарылышта «Компаньон Банкы» ЖАК түштүк аймак боюнча демилгелерди өнүктүрүү регионалдык менеджери Сайдулла Бектемиров топурак иштетүүдөгү негизги каталар жөнүндө сөз кылган. Бул ирет көчөт тандап жана отургузуп жатканда эмнелерге маани берүү керек экенин айтып берди.

Көчөттөрдү тандоодогу негизги каталар:

  • көчөттөрдү базардан, алып сатарлардын колунан сатып алуу
  • жогорку сапаттагы көчөттөрдүн өзгөчөлүктөрүн билбөө
  • райондоштурулбаган көчөттөрдү сатып алуу
  • транспорттоонун жана сактоонун натыйжасында кургап калган көчөттөрдү тандоо

  • тамыр системасы алсыз көчөттөрдү тандоо
  • тамыр системасы менен бүчүрлөрү катуу жабыркаган көчөттөрдү тандоо
  • жалбырагы ачылып калган көчөттөрдү тандоо
  • оорулар, зыянкечтер менен жабыркаган көчөттөрдү тандоо
  • кургап калган көчөттөрдү тандоо (жашы улуу, тамыры алсыз)
  • чаңдашкан сортторду эске албастан, бир түрдүү сорттогу көчөттөрдү тандоо.

Көчөттөрдү отургузуудагы негизги каталар:

  • бакча бөлүштүрүүнү туура эмес пландоо (участоктун эңкейиши жана сугатка жеткиликтүүлүгү, топурактын механикалык курамы ж.б)
  • көчөттөрдү отургуза турган жерди начар даярдоо (тайыз жана топурактын асылдуулугун эсепке албай казуу ж.б)
  • көчөттөрдү транспорттоо талаптарын туура эмес аткаруу ( көчөттөрдү сатып алгандан отургузганга чейин тамыры нымдуу чүпөрөк менен оролуу болуш керек)

  • көчөттөрдү негизги эрежелерди сактабастан отургузуу (тирегич казыгы, конуу тактасы жок)
  • мөмөлүү көчөттөрдү өсүү бийиктигин эске албастан, дарактардын ортосундагы аралыктарды сактабастан отургузуу (өтө бийик, орто бийик, орто карлик, карлик)
  • жабыркаган тамырларын алып койбостон отургузуу
  • жаш көчөттөрдү аки таш менен актоо
  • отургузула турган аңга жаңы кык же жогорку дозадагы минералдык жер семирткичтерди төгүү
  • туура эмес кесүү
  • тамырынын мойнун эске албастан отургузуу.

Кийинки чыгарылышта көчөттөрдү суугаруудагы негизги каталар тууралуу айтып берем.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт