// //

Дыйканга кеңеш: топурак иштетүүдөгү негизги каталар

2019.04.04, 14:55
4187

Топуракты туура эмес иштетсе, 40 жыл мөмө бере турган бак 2-3 жылдан кийин өлүп калат.

«Компаньон Банкы» ЖАК түштүк аймак боюнча демилгелерди өнүктүрүү регионалдык менеджери Сайдулла Бектемиров топурак иштетүүдөгү негизги каталар жөнүндө айтып берди.

Көпчүлүк дыйкандар дарактын канчалык чоң болуп өсөөрүн эске албай туруп, бакчага ар түрдүү бактарды жыш отургузуп салышат. Мисалы, алма, алмурут, гиластын баш жагынын (крона) диаметри  6-6.5 метрге чейин жетиши мүмкүн. Демек, биринчи бакчаны пландаштырып алуу керек.

Шабдаалы менен жүзүм алчага салыштырмалуу жарыкты жакшы көрөт, карагат менен малина көлөкөдө өсө берет.

Топуракта негизги NPK (азот, фосфор, калий) элементтери барбы же жокпу билүү үчүн химиялык талдоо жүргүзүү зарыл.

Мөмөлүү дарактар - бир жерде узак убакыт бою өскөн, көп жылдык өсүмдүк. Ошондуктан, жергиликтүү топуракты, жана климатты эске алып, тиешелүү көчөттөрдү тигүү керек. Мөмөлүү дарактар кара чым топуракта (дерново подзолотистая почва) жакшы өсөт. Туздуу жана таштак жер ылайыктуу эмес.

Ылайыктуу жана семиз жерде өскөн дарактар ​​40 жылдан ашуун түшүм берет. Болбосо, 2-3 жылдан кийин соолуп калышы мүмкүн.

  • Топурак иштетүүдөгү негизги каталар
  • Бакчадагы топурак иштетүү деп -  жер казууну, майдалоону, жер семирткич себүүнү, сугат үчүн жөөк салууну түшүнүү керек.
  • Көпчүлүк дыйкандар бактын сөңгөгүнүн айланасын гана казып коюшат. Мөмөлүү дарактардын тамыр системасы баш жагынан (кронасынан) чоң экенин билүү керек жана ошонун диаметрине жараша казуу сунушталат.
  • Кээ бир үйрөнчүктөр канчалык терең казуу керектигин сурашат. Негизги тамыр системасы 10-25 см тереңдикте жайгашкан. Андыктан тамырга зыян келтирип албаш үчүн, жайгашкан жеринен параллелдүү кылып казуу зарыл (тамыр сөңгөктөн радиалдуу болуп өсөт).
  • Эсиңизде болсун, сөңгөктүн жанындагы тамыр жердин үстүңкү бетине жакын жайгашкан. Ал жерди 10 см казса жетиштүү.
  • Биринчи уруктууларды (семечковые) тигип (бул алма, алмурут), андан кийин данектүүлөрдү (өрүк, шабдалы, алча) отургузуш керек.
  • Көпчүлүк дыйкандар топуракты иштетүү алдында жердин үстүн таштанды, жалбырак, бутактардан тазалап алууга анчейин маани бере беришпейт.
  • Жаш бакчага жүгөрү, күн карама сыяктуу узун сабактуу өсүмдүктөрдү айдоого болбойт. Алар жаш көчөттү жаап, көлөкө кылат. Бул дан өсүмдүктөрүнө да тиешелүү, алар кемирүүчүлөрдү (чычкан, келемиш ж.б) өзүнө тартып, топуракты арыктатат.
  • Дыйкандар күзүндө, жыйноо иштери бүткөндөн кийин 10-12 см терендиктеги тоңдурма айдоо жүргүзүшпөйт.
  • Адатта дыйкандар дарактын айланасын сезонуна бир гана жолу казышат. Бул туура эмес, күзүндө, кээде жазында казып, жай мезгилинде бир нече жолу жумшартып туруу керек.
  • Бүгүн мен топурак иштетүүдөгү негизги каталар жөнүндө сөз кылдым. Эмки чыгарылышта көчөт тандоодогу негизги каталар тууралуу айтып берем.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт