Дыйканга кеңеш: көчөт тандоодогу негизги каталар
2019.04.05, 11:53
2278
Көчөттөрдү базардан, алып сатарлардын колунан сатып алган болбойт.
Мурунку чыгарылышта «Компаньон Банкы» ЖАК түштүк аймак боюнча демилгелерди өнүктүрүү регионалдык менеджери Сайдулла Бектемиров топурак иштетүүдөгү негизги каталар жөнүндө сөз кылган. Бул ирет көчөт тандап жана отургузуп жатканда эмнелерге маани берүү керек экенин айтып берди.
Көчөттөрдү тандоодогу негизги каталар:
- көчөттөрдү базардан, алып сатарлардын колунан сатып алуу
- жогорку сапаттагы көчөттөрдүн өзгөчөлүктөрүн билбөө
- райондоштурулбаган көчөттөрдү сатып алуу
- транспорттоонун жана сактоонун натыйжасында кургап калган көчөттөрдү тандоо
- тамыр системасы алсыз көчөттөрдү тандоо
- тамыр системасы менен бүчүрлөрү катуу жабыркаган көчөттөрдү тандоо
- жалбырагы ачылып калган көчөттөрдү тандоо
- оорулар, зыянкечтер менен жабыркаган көчөттөрдү тандоо
- кургап калган көчөттөрдү тандоо (жашы улуу, тамыры алсыз)
- чаңдашкан сортторду эске албастан, бир түрдүү сорттогу көчөттөрдү тандоо.
Көчөттөрдү отургузуудагы негизги каталар:
- бакча бөлүштүрүүнү туура эмес пландоо (участоктун эңкейиши жана сугатка жеткиликтүүлүгү, топурактын механикалык курамы ж.б)
- көчөттөрдү отургуза турган жерди начар даярдоо (тайыз жана топурактын асылдуулугун эсепке албай казуу ж.б)
- көчөттөрдү транспорттоо талаптарын туура эмес аткаруу ( көчөттөрдү сатып алгандан отургузганга чейин тамыры нымдуу чүпөрөк менен оролуу болуш керек)
- көчөттөрдү негизги эрежелерди сактабастан отургузуу (тирегич казыгы, конуу тактасы жок)
- мөмөлүү көчөттөрдү өсүү бийиктигин эске албастан, дарактардын ортосундагы аралыктарды сактабастан отургузуу (өтө бийик, орто бийик, орто карлик, карлик)
- жабыркаган тамырларын алып койбостон отургузуу
- жаш көчөттөрдү аки таш менен актоо
- отургузула турган аңга жаңы кык же жогорку дозадагы минералдык жер семирткичтерди төгүү
- туура эмес кесүү
- тамырынын мойнун эске албастан отургузуу.
Кийинки чыгарылышта көчөттөрдү суугаруудагы негизги каталар тууралуу айтып берем.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.