// //

Урологдон сурагандан уялган 7 суроого жооп

2019.04.04, 17:59
14491

Сексуалдык ден соолук жөнүндө билгиси келген, бирок урологдон сурагандан уялган жигиттер үчүн пайдалуу маалымат.

  1. Мастурбация кылса эч нерсе болбойбу?

Мирлан Айбашов, уролог

Өзүн-өзү канаттандыруу же болбосо мастурбацияны узак убакытка чейин кылуу “онанизим” оорусуна алып келет. Жаштайынан кылып көнүп калган балдарга кийин бул адатттан арылуу кыйынга турат.

Нервине терс таасир тийип, простоторея сыяктуу ооруларга чалдыгып, простатит, импонтенция болуп калышы мүмкүн. Үйлөнгөндө, жыныстык катнаштан кумар алалбай, бекинип алып көнгөн адатын кыла берет. Андыктан бул адатты таштоо керек, колдон келбесе урологго кайрылуу зарыл.

  1. Эркектин жыныс мүчөсүнөн кан чыгышы мүмкүнбү?

Нурбек Монолов, уролог

Кан чыгышы толук мүмкүн. Себептери абдан көп. Мисалы, ооруну жаратуучу микробдордун кирип кетиши, аномалия, жаракат алуу жана рак илдети. Мындай учурга кол шилтеп койгонго болбойт. Дароо дарыгерге баруу керек.

  1. Жыныс мүчөгө сөөл чыгабы?

Нурлан Эгетаев, уролог

Жыныс мүчөдөгү сөөлдөрдү "кондилома" деп коёт. Пайда болгондо дароо дерматологго же урологго кайрылуу кажет. Убагында дарылабаса, көбөйүп, жайылып кетиши мүмкүн.

Дарыгерге көрүнгөнгө чейин "папиллома" вирусуна анализ тапшырып, текшерүүдөн өтөт. Анализдердин жыйынтыгына жараша дарыланса, сөөлдөрдөн арылат. Эскерте кетейин, дарылануу узакка созулат.

  1. Жыныстык катнашсыз жашаса болобу?

Мирлан Айбашов, уролог-андролог

Жыныстык катнаш менен жашап турган жакшы, простата безинде кан айланып турат. Эгерде жыныстык катнаштан баш тартып койсо, кийин тукумсуздукка алып келиши мүмкүн. Тактап айтканда, кан айланбай калса, простатитти пайда кылат.  Нормада эркек киши 28 жашка чейин жумасына 5-8 жолу, 28 жаштан өткөндөн кийин 3-5 жолу жыныстык катнашка барып турушу керек.

  1. Жыныс мүчөнү өстүрүүгө жарнамадагы кремдер жардам береби?

Щербинский Олег Васильевич, дерматовенеролог, уролог

Жарнама – бул бизнес. 100 пайыз ишенүү болбойт. Өндүрүүчү өз товарын сатыш үчүн болгон күч-аракетин жумшайт. Мен жеке практикамда жыйынтык берген бирөөсүн да көргөн жокмун.

Эч бир каражат дене мүчөнү анатомиялык жактан өстүрө албайт (пластикалык операция жолуна кайрылбаса гана). Колуңуздун, бутуңуздун же мурдуңуздун узундугу кандай болсо, өмүр бою ошол бойдон калат. Бул жыныстык мүчөгө да тиешелүү. 

Канатбек Казымбеков, уролог, медицина илимдеринин кандидаты

Жыныс мүчөнү чоңойтуу ыкмаларынын баары туура эмес. Гелдер, дарылар, маздар же башка каражаттардын эч кандай пайдасы жок. Төрөлгөндө кандай болсо, ошондой калтырып коюу керек. Операция менен узартууга мүмкүн. Бирок, операциядан кийин мүчөнүн бурчу туура эмес болуп калышы мүмкүн.

  1. Чоң жигитти сүнөткө отургузса болобу?

Азат Бейшенов, уролог

Сүнөткө отургузганда жаш курак боюнча чектөө жок. Процедура 30 мүнөткө чейин созулат. Касаны кестирүү (крайняя плость) жыныс мүчөнүн көлөмүнө эч кандай таасирин тийгизбейт. Операциядан кийин дароо үйгө кете берсе болот. Эки жумага чейин өзү жууп, тазалап, таңып турат. Оор жүк көтөргөнгө жана ашыкча физикалык активдүүлүккө тыйуу салынат. Эки жумадан кийин жыныстык жашоону уланта берсе болот.

  1. Нормада жыныс мүчө канча см болуш керек?

Болот Рысбаев, медицина илимдеринин кандидаты, уролог

10 смдан өйдө - бул норма. Эгерде эрекция учурунда 9 смден кичинекей болсо, “микро пенис” деп диагноз коюлуп изилдөөгө алынат.

Урматтууу окурман, эгерде суроолоруңузга жооп таппай жүрсөңүз,  www.bilesinbi.kg сайтына же 0704 004 608 ватсап номерине жазсаңыз болот. Биздин адистер бекер кеңеш бергенге даяр.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
А
Аноним
30.04.2019, 15:42

10 менен 9 айырмасы бир см. А эгер 9.5 болсочу???

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт