// //

Баламды жуттуң, үйдү бошотуп кой! Кайын энеси кууп чыккан келиндин баяны

2019.03.29, 12:15
5476

Күйөөсү каза болгондон кийин, кайын энеси 4 баласы менен үйүнөн кууп чыккан келиндин баяны.

2018-жылдын октябрь айы Айжамалдын (аты өзгөртүлдү) үй-бүлөсүнө кырсык алып келген. 4 баланын энеси эртең менен жумушка жиберген күйөөсүн акыркы ирет көргөнүн билген эмес.

Саламатсызбы bilesinbi.kg! Учурда ушунчалык алсызмын. Колумда төрт, курсагымда бир балам бар.

Күйөөм жеке фирмада айдоочу болуп иштечү. Элдин алды болбосок да, жашообуз жаман эмес эле.

Кайын журтум айылда жашайт. Бизди үйлөнгөндөн бир ай өтпөй өзүнчө бөлүп жиберишкен.

Башында батирлеп жүрдүк. Аз-аздан акча топтоп, жер алып, 3 бөлмөлүү үй тургуздук. Анда мен да иштечүмүн, балалуу болгондон кийин үйдө отуруп калдым.

Эртең менен кеткен күйөөм кайтып келбесин билсем, бутунан кармап болсо да кое бербейт элем.

Суук кабарды аяшыбыз угузду. Айылдан жетип келген кайын энемдин биринчи сөзү “Баламды жуттуң кара жолтой!” болду. Жолдошум аварияга учурап, ошол жерден жан бериптир.

Элдин аягы суюлганда, кайын энем, “Кыркылыгын өзүбүз өткөрөбүз, көзүмө көрүнбөй каалаган жагыңа кете бер. Үй баламдын атында, сенин бир да мээнетиң жок!”- деп, төрт балам менен сыртка чыгарып койду. Ошондогу абалымды душманыма да каалабайм.

Бир айдан кийин боюмда бар экенин билдим.

Учурда апамдар менен турам. Атам “үй балдардыкы, аракет кылып ал”, -деп айткандан тажабайт.

Балдарым атасы салган үйдө чоңоюшса деген тилегим күн сайын күчөп барат.

Бул окуя боюнча юристтердин оюн угуп көрдүк.

Асель Рысбаева, адвокат

Жубайлардын никеси катталган болсо, маркумдун мүлкүнө биринчи кезектеги мураскорлор -  жубайы, балдары. Маркумдун ата-энеси, бир туугандары экинчи кезектеги мураскорлор. Биринчи кезектеги мураскорлор жок болсо, же алар мүлктөн баш тартышса, мыйзам боюнча экинчи кезектегилер мурастоо укугун алышат.

Нике катталган эмес болсо, маркумдун жубайы мураска ээ боло албайт. Эгерде маркум мындай никеде төрөлгөн балдардын атасы болуп таанылса, анда балдары анын мүлкүн мурасташат.

Нурислам Раимжанов, юрист

Кайын энеңиздин үйдөн кууп чыкканга эч кандай акысы жок. Сиз күйөөңүздүн мүлкүн мураскор катары өзүңүзгө алганга аракет кылыңыз. Ал үчүн мүлк жайгашкан аймактагы мамлекеттик нотариуска кайрылыңыз. Жаныңызда:

  • Паспорт
  • Балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү
  • Жолдошуңуздун өлгөндүгү тууралуу күбөлүгү
  • Үйгө тийиштүү документтер болсун.

Үйдүн документтери жок болсо, мамлекеттик каттоо кызматына (госрегистр) барып үй боюнча тактама алыңыз.

Кайын энеңиз үйдөн мажбурлап кууп чыкканы боюнча милицияга арыз жазыңыз. Редакциядан номеримди алсаңыз болот, сизге кеңеш бергенге даярмын.

Урматтууу окурман, эгерде сиз да суроолоруңузга жооп таппай жүрсөңүз,  www.bilesinbi.kg сайтына же 0704 004 608 ватсап номерине жазсаңыз болот. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт