// //

Атам менен ажырашканы үчүн апамды күнөөлөп келгем

2019.03.22, 17:55
1938

Ушул күнгө чейин апамды түшүнбөй келдим. Атам менен ажырашкандан кийин үй-бүлөбүздүн бузулганына апамды күнөөлөчүмүн. Арызды колуна кармап алып, көпкө чейин тиктеп отурган атамдын элеси дале эсимен кетпейт.

Атам идеалдуу ата эле

Мен үчүн атам идеалдуу адам эле. Боорукер, эч кимдин көңүлүн кыя албаган, качан болбосун бизге мээримин төгүп, үй тапшырмаларыбызды жазышып, жомокторду оюнан чыгарып айтып бергенди жакшы көргөн киши болчу. Бизге жасап берген даамдуу тамактарычы! Колго камыр жууруп, кургак кесме басып бергенин жылмаю менен эскерем. Кийин эжелеримдин, жеңелеримдин колунан канча жолу жесем да атамдыкына окшобой койду.  

Атамдын колу да жөндөмдүу эле. Чоң үйүбүздү өзү салган, кийин тегерегин курчап, дарбаза койду. Жазында чакан жер тилкебизге жемиштин түрүн эгип, күзүндө кайра жыйнап алчу.

Кошунабыз мас болуп аялын урганда, балдары атамды издеп, жардам сурап келишет. Атам ал байкени дароо эсине келтирип койчу.

Атам апама такыр кол көтөргөн жок. Ошондуктан апамдын “атаңар менен ажырашам” дегени мага катуу тийди.  - Сизге эмне жетишпейт, апа? – деп чыр салгам. Апам биздин бактылуу жашообузду бузду деген ой менен жашап келгем. Бирок, мен эч качан апам бактылуу болду бекен,- деп ойлонгон эмесмин.

Ошол кездеги апамды эстей албайм. Болгону, узун кара чачы жана муңдуу көз карашы эсимде. Апам бардык нерсеге кайдагер болгондой сезилчү. Анын ички сезими эч кимди ойлондурган жок. Ушу күнгө чейин мени дагы.

Апамдын тагдыры

“Үйлөнгөн күнүбүздөн бир аз өтпөй эле ар бир кызга ыр арнап, көзүмө чөп сала баштады. Үйгө бир күн түнөсо, беш күн жок. Силерди өзүм эле чоңойттум. Эки баламды көтөрүп алып, төркүнүмө ажырашам деп барсам, ата-энем “уят” деп кайра жеткизип коюшту. Колдой турган адамым жок, тагдырга баш ийип жашап калдым. Эмнеге мындай кылып жатасың деп канча жолу ыйладым, себебин айтчы, деп сурадым, жооп бере алган эмес. Эки күндүн биринде ар кайсы аялдар үйгө чейин издеп келишет. Тууган, коңшу, достор арасында башымды көтөрө албай калдым. Курбуларым, шылдың кылышат. Жолдошум кимисинин койнунда болгонун билсем да билмексенге салдым. Ансыз деле баркым жок болчу, ого бетер жерге түшүргүм келген жок. Айлап үйгө келбей калганда, силер атаңарды сагынып ыйлайсыңар. Бүттү жетишет! Ажырашам! – деп чечим кабыл алганым менен ал үйгө кирип келгенде аталап кыйкырып, астынан чуркап чыгасыңар. Силер үчүн чыдап өз бактымды арткы планга жыйыштырып койгом.

Ооба, атаңар силер үчүн, дос-тууган үчүн эң жакшы адам болчу. Анткени, мен аны эч кимге жамандаган жокмун. Мен бактылуу болбосом да менин балдарым бактылуу болсун деп 15 жыл чыдап жашадым. Бирок, калган күндөрүмдү мындай өткөргүм келген жок.”

Мен да чыккынчылыкка кабылдым

Арадан 10 жыл өттү. Өзүм да берген убадасын аткарбаган, сүйүүсүн сатып кеткен адамдын курмандыгы болуп отурам. Эми гана апамдын атама болгон ызаасын, таарынычын түшүндүм. Атам жакшы киши болчу, бирок апама жакшы жолдош болуп бере албаптыр.

Ошол кезде апама айткан ачуу сөздөрүмдү кайтарып алсам кана?! Ээнсиреген жүрөгүңүздү ого бетер оорутпай, кайгыңызды тең бөлүшсөм кана?!

Апа, апооу! Кечириңизчи мени! Сизди түшүнбөгөнүм үчүн кечириңизчи! Сизди колдобогонум үчүн кечириңизчи! Сизди күнөөлөгөнүм үчүн кечириңизчи!  

Атам менин эсимде эң мыкты ата катары калганы, бул сиздин эмгегиңиз. Сиз өзүңүздүн жаштыгыңыздын 15 жылын биздин бакыт үчүн короттуңуз. Бизди толук кандуу үй-бүлөдө өссүн дедиңиз.

Рахмат сизге, апа! Мен ар дайым сиз тарапта болом, ар дайым сизди колдоп турам. Чын жүрөктөн сизге аялдык бакыт тилейм.

Автору: Лили Ли

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт