Европадан оң рулдуу унаа алып келсе болобу?
Европадан оң рулдуу унааны Кыргызстанга алып кирсе болобу?
Нурислам Раимжанов
Юрист
Урматтуу окурман, Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндөгү мыйзамдын 21-беренеси, 6-бөлүгүндө “Коммуналдык чарба, айыл чарбасы, жолдорду куруу (күтүү) үчүн арналган транспорт каражаттарын (автокрандарды, автобургулоочуларды, автобетон аралаштыргычтарды, чачып жуугуч машиналарды), ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу транспорт каражаттарынын башка түрлөрүн кошпогондо, Кыргыз Республикасынын аймагында рулдук башкаруусу оң тарабында жайгашкан транспорт каражаттарын каттоо, пайдаланууга жол берүү жана жол кыймылына катышуу үчүн алып кирүүгө тыюу салынат” деп көрсөтүлгөн. Ошндуктан сиз рулдук башкаруусу оң тарабында жайгашкан транспорт каражаттарына каттоо жүргүзө албайсыз.
Ал эми Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-июлу № 438 токтомунда Кыргыз Республикасынын аймагына алып кирүүгө уруксат берилген рулдук башкаруусу оң тарабында жайгашкан атайын транспорт каражаттарынын тизмесин бекитилген. Бул токтомдун негизинде төмөнкү транспорт каражаттарынын тизмеси бекитилген:
№ |
Транспорт каражаттарынын түрлөрү |
Арналышы |
1 |
Автокрандар, автобургу, авто-бетон аралаштыргыч |
Курулуш жана жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун техникалык абалын жакшыртуу үчүн |
2 |
Жуугуч-сугаргыч, таштанды жыйнагыч, кар тазалагыч, ассенизаторлор |
Коммуналдык керектөөлөр үчүн |
3 |
Өрт өчүргүч |
Өрт өчүрүү үчүн |
4 |
Авариялык-куткаруучу |
Авариялык-куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн |
5 |
Тракторлор жана өзү жүрүүчү технологиялык машиналар |
Айыл чарба өндүрүшүн камсыздоо үчүн |