// //

Эгерде буларды аткарсаңыз, жигиттер сизди сүйүп калат

2018.08.14, 15:26
4722

Кечкисин олтуруп алып кино көрүп жатасыз. Тасмада татынакай бийкеч менен жигит Париждеги Эйфел мунарасында тамактанып олтурушат. Мына, көптөн күткөн учур келди, жигит шакек алып чыгып тизеледи. Кыздын көзүнөн жаш агып баштады. Аныкы менен кошо сиздин дагы көз жашыңыз төгүлдү.

Ал эми сиз спорттук кийимчен, чачыңыз эптеп-септеп түйүлгөн, колуңузда тамак. Олтуруп алып чыныгы жашоодо ханзаадалар болоор бекен деп ойлонуп койдуңуз. Өзүңүз ханзаадага татыктуу ханбийкесизби? Келиңиз, ханзаада менен жолукканда, аны үркүтүп жибербеш үчүн  өзүбүздү кандай алып жүрүшүбүз керек экенин карап көрөлү.

Кыздар үчүн өтө курч суроо: Жолугушууга кечигип барса болобу?

Идеалдуу жашоодо, так болуу керек. Бул жакшы тарбиянын көрсөткүчү. Бирок, чын-чынына келгенде, кызбыз да, колготкибиз айрылып кетиши мүмкүн же ылайыктуу көйнөк таппай калабыз. Эмне кылуу керек?

  • Этикет боюнча беш мүнөт кечиксеңиз эч нерсе болбойт.
  • 15 мүнөт кечигип жатсаңыз, күтүп жаткан ханзаадаңызга SMS жазып, эскертип, кечирим сурап коюңуз.
  • Эгерде баары сиз ойлогондой болбой, пландарыңыз бузулуп, көпкө кечигип кала турган болсоңуз - чалып, чын жүрөгүңүздөн кечирим сураңыз. 

Жолугушууга жарым сааттай кеч бара берсем эч нерсе болбойт десеңиз, жаңылышасыз. Тарбиялуу кыз эч качан антпейт.

Кантип учурашуу керек?

Мына, жолугушууга келдиңиз. Чуркап барып бетинен өбүүгө шашылбаңыз. Ал сиздин досуңуз эмес. “Саламатсызбы” же  “кутмандуу күнүңүз менен” деп башыңызды ийкеп, жылмайыңыз. Эсиңизде болсун: эң негизгиси –жылмаюу.

Эмне жөнүндө сүйлөшсө болот?

Биринчиден:  оору, акча, саясат, дин жана жеке жашоо, ушак тууралуу сүйлөбөңүз. Нейтралдуу нерсени тандаңыз: себепсиз күлө бербеңиз, аба-ырайы темасы маекти баштоого жакшы шылтоо болуп бере алат. 

“Бүгүн кечке жаан аябай жаады. Анын айынын эртең менен чуркай албай калдым.”

Ошондой эле жолугушкан жайдын интерьери, акыркы жолу көргөн киноңуз, саякатыңыз тууралуу дагы сөз козгосоңуз болот. Маек  учурунда, тарапташыңызды көбүрөөк угууга аракет кылып, аны дагы ача турган суроолорду узатыңыз.

Оозуңузга талкан салып алгандай болуп, олтура бербеңиз. Жигит унаасынын карбюратору тууралуу сүйлөп жатса дагы, кызыгуу менен угуп, суроо бериңиз.

Телефонуңуз сумкаңызда эле болсун! 

Кече бою телефонуңузга тигилип олтуруу – бул маңдайыңыздагы адамды сыйлабаганга жатат! Абдан туура эмес! Эч качан антпеңиз!

Ким төлөйт?

Буйрутмаларга акы төлөө кезеги келип жетти. Эмне кылуу керек? Этикет эрежелерине ылайык, чакырган киши төлөйт. Ал эми Европада болсо ар ким өзү төлөйт. Кандай болгон күндө дагы жаңыңызда жетиштүү акча алып жүрүңүз. “Өзүң төлө” деп калса, кирээрге тешик таппай калышыңыз мүмкүн.

Өбүү керекпи же жокпу?

Кече жакшы өттү. Ханзаадаңыз акылдуу жана кызыктуу, ал тургай, тамашакөй болуп чыкты. Үйүңүзгө жеткизип келди же таксиге олтургузуп жатып көздөрүңүз чагыла түштү. Өбүү керекпи же жокпу? Баары өз каалооңуздан көз каранды. Эгерде ал чындап эле сизге жакса, бетинен өөп, ыраазычылык билдирип коюңуз. Болбосо ал сизге жакпай калдым деп ойлоп калышы мүмкүн.

Биринчи жолугушууда керек болчу 4 кеңеш:

  1. Билесизби, айымга эшикти эркек ачып берет, ошондуктан алдыга чуркабаңыз. Эркек ресторандан стулду жылдырып дагы бериши керек. Эгерде аны унутуп калса, качан жылдырат деп күтүп тура бербей, олтура бериңиз. Этикеттин маанилүү эрежеси - башкалардын кемчиликтерине же каталарына көңүл бурбоо.
  2. Лифтке биринчи эркек кирет, аял биринчи чыгат.
  3. Аял киши эч качан таксиден алдыга олтурбайт. Артына, айдоочунун каршы тарабына олтуруңуз.
  4. Комплимент айтса, акырын гана жылмайып “рахмат” деп коюу жетиштүү.

Биз сага бир канча кеңештерди айтып бердик. Калганы өз колуңда. Ийгилик!

 

 

 

 

 

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт