// //

Себи аз келинин кетирген кайын эненин окуясы

2019.03.10, 13:52
15496

Bilesinbi.kg анонимдүүлүк шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан окуяларын жарыялап келет. 

Бул жолку чыгарылышта, келинин "себиң аз экен" деп кетирип жиберген кайын эненин окуясы баяндалат. 

Салам bilesinbi.kg! Силер менен жакында көчөбүздө болуп өткөн окуя менен бөлүшкүм келди. Өкүнүчтүүсү ушундай аялдардын айынан канчалаган кыздарыбыздын тагдыры бузулуп жатат. 

Сеп үчүн деп эки бөлмөнү бошотту

Айылда турабыз (кайсы жер экени сыр болсун). Кошунабыз Гүлсүн эже (аты өзгөртүлдү) "жакшы жерден келин алганы жатам",- деп бир ай мурун айткан. Катуу даярданып жүрүштү. Күн сайын базарга барышат. Үйүн ремонттоп, "келиндин себи келсе бул жакка киргизебиз",- деп эки бөлмөнү бошотуп коюшкан. Мен барып ал бөлмөлөрдүн точкаларын оңдоп бергем. 

Өздөрү колунда бар немелер. Балдары, күйөөсү баш болуп Гүлсүн эженин сөзүнөн чыкпайт.

Келинди кечинде алып келишти. Кошуналар түнү менен кызматта болдук. Таң эрте кетип баратсак, "эртең аялыңарды жибергиле, келинимдин себи келет, ачышып коюшсун",-деген. 

"Алып кеткиле кызыңарды..."

Катуу чарчап, түшкө дейре уктап кетипмин. Аялым жулкулдатып, "Тур, тиги жакта ызы-чуу болуп жатат. Бас кеттик!"-деди. Көчөгө чыксак, Гүлсүн эженин үйүндө эл жык. Чуркап барсак, "Бергендери бир бөлмөнү да толтурган жок. Элге эмне дейм!? Арзан, жупуну бир нерселер. Мени шылдыңдап тоготпогону да, алып кеткиле кызыңарды"-деп бакырып жатыптыр. Келиндин жеңелери, "эл караткан бетибизди жер карата көрбөңүз",- деп алдына түшүп жүрүшөт. 

Акырын басып барып, тиги эки бөлмөнү карасам, 15тей жер төшөк, төрт чоң жууркан, бир муздаткыч, кыздын сандыгы, 5-6 коробка идиш-аяк жана эки килем бар экен. 

Эжени сыйлабай калдым

Келинин кетирди. Эшигинин алдынан өтүп калсам, "биздин байлыкка көз арткандар экен, өлүгүңдү көрөйүндөр! Эптеп кызын жакшы жерге орноштурайын дешкен да ", -деп ар нерсени айтат. Өзүн актап жатат да.  

Тиги үйлөнүп ажырашкан баласы оозуна талкан салып алгандай болуп мостоюп жүрөт. Эки бөлмө ошол бойдон бош турат. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Г
Гульнара Абдраимова
10.03.2019, 14:30

Ой тобой баласы эмне сеп менен жашайт бекен.казык адамдар кооп андан коро келиним ыймандуу болсун балам экоо туболук бактылуу болсун дебейби. Ошончолук сеп кутуп атса анда Озу аз берген да калынды озуно жараша берсе керек да септи да.эн негизкиси туура эмес иш кылган.уят мындай адамдарга соз жок 

0
Пайдалуу жооп
К
Куба Алагозов
12.03.2019, 16:09

Гулсун эженердин бир нерсеси жетишпейт,а баласы дудукпу айтпайбы алгандан кийин жашаймын деп.

 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт