Алиментке арызды кантип берүү керек?
Саламатсызбы bilesinbi.kg! Алиментке кантип арыз берсе болот?
Нурислам Раимжанов
Юрист
Урматтуу окурман, алимент арызы басылма текст түрүндө берилет жана анын ичинде төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:
1) Арыз берилчү соттун аталышы;
2) Өндүрүп алуучунун аты-жөнү, жашаган жери, туулган датасы жана жери, эгерде бар болсо - телефону, факс номери, электрондук почтасынын дареги;
3) Карызкор жарандын аты-жөнү, жашаган жери, туулган датасы жана жери, иштеген жери, эгерде бар болсо - телефону, факс номери, электрондук почтасынын дареги;
4) Өндүрүп алуучунун талабы жана милдеттенмелери;
5) Талаптын негиздүүлүгүн ырастоочу документтер;
6) Тиркелген документтердин тизмеси;
Арызга өндүрүп алуучунун же анын өкүлүнүн колу коюлат. Өкүл бере турган арызга, анын ыйгарым укуктарын ырастаган документ тиркелүүгө тийиш. Юридикалык жактын жетекчисинин койгон колу мөөр менен ырасталат.
Алимент арызынын үлгүсү
_______________________________________
(соттун аталышын көрсөтүңүз)
Өндүрүп алуучу: ______________________________________
(Сиздин аты-жөнүңүз, туулган жылыңыз, айыңыз, күнүңүз, туулган жана иштеген жериңиз)
Дарегим:_____________________________
(Бул жерге өзүңүздүн жашаган даректи, телефон номерди жазасыз)
Карызкор: ______________________________________
(Бул жерге жолдошуңуздун аты-жөнү, туулган күнү, айы, жылы, туулган жана иштеген жери. Эгерде маалыматтарды билбесеңиз “төрөлгөн жана иштеген жерин билбейм” деп жазасыз)
Дареги: _____________________________
(Бул жерге жолдошуңуздун жашаган дарегин, телефон номерин көрсөтөсүз)
АРЫЗ (алимент өндүрүү жөнүндө)
Мен ________________________________________, карызкор ______________________________ менен 20____-жылдан бери бирге үй-бүлө куруп жашап келгенбиз. Биздин нике ____________ЖААК бөлүмү тарабынан катталган ((Никелешүү жөнүндө күбөлүк серия номери __________).
Ал эми ортодогу никеден бир перзенттүү болгонбуз:
______________________, 20___-жылдын ___- (айы) төрөлгөн.
Бирок 20__-жылдын _____ айынан бери мамилебиз келишпей, үй-бүлө катары чогуу жашабай калганбыз. Ортодо чыр-чатагыбыздын көптүгүнөн улам ажыраштык.
Азыркы үчүрда балам менен ата-энемдин үйүндө чогуу жашаймын, карызкор жактан ата катары эч кандай жардам жок.
Кыргыз Республикасынын үй-бүлө кодексинин 1-бөлүмүнүн 88-беренесинде «Ата-эненин жашы жетпеген балдарына алимент төлөө жөнүндө макулдашуусу болбосо жана эгерде алимент төлөөгө милдеттүү болгон ата-энеси туруктуу эмес, өзгөрүлмө эмгек акы алып турса же дагы башка кирешеси болсо, сот ай сайын өндүрүлүүчү алименттердин өлчөмүн туруктуу акчалай суммада же ошол эле учурда үлүш түрүндө (86-беренисине ылайык) жана туруктуу акчалай суммада өндүрүп берүүгө укуктуу» деп көрсөтүлгөн.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик алым жөнүндөгү мыйзамынын 6-беренесинин 1-пунктунун 3-бөлүмүндө «Ишти сотто кароонун жыйынтыгы боюнча мамлекеттик алым алуудан - алименттерди өндүрүү боюнча доогерлер бошотулат» деп көрсөтүлгөн.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандык процессуалдык кодексинин 31-беренесинин 3-пунктунда «Алиментти өндүрүп алуу жөнүндө, аталыкты тастыктоо жөнүндө, ата-энелик укуктардан ажыратуу же аларды чектөө жөнүндө доолор доогердин жашаган жери боюнча да коюлушу мүмкүн» деп көрсөтүлгөн.
Жогоркулардын негизинде, Кыргыз Республикасынын үй-бүлө кодексинин 85-88 жана 112 – беренелерин жана Кыргыз Республикасынын жарандык-процессуалдык кодексинин 31 жана 247 – беренелерин жетекчиликке алып:
СУРАНАМ:
Карызкор _____________________________________тен – менин пайдама бир балам үчүн – ___________________________________________________________ 18 жашка толгонго чейин, ар ай сайын иштеп тапканынын же дагы башка кирешесинин төрттөн бир өлчөмүндөгү алиментти өндүрүүнү.
Тиркеме:
- Аталыгын аныктоо жөнүндөгү көбөлүктүн көчүрмөсү;
- Жашаган жерден тактама;
- Менин паспорттумдун көчүрмөсү;
- Баламдын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүн көчүрмөлөрү;
- Баламдын ден-соолугу тууралуу берилген тактама;
- Арызды карызкорго берүү үчүн көчүрмөсү.
Өндүрүп алуучу: ________ (аты-жөнүңүз) _________________
Мисалы:
Жалал-Абад шаардык сотуна
Өндүрүп алүүчү: Шаршенова Амалия Арстанбековна 25.07.1981-жылы төрөлгөн, дарыгер.
Дарегим: Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад шаары, Э. Осмонов көчөсү, 55-үй, телефон: 055555466.
Карызкор: Атабаев Жолчубай Досматович, 21.01.1982-жылы төрөлгөн, иштеген жери мага белгилүү эмес.
Дареги: Жалал-Абад облусу, Аксы району, Кызыл-Жар айылы, Набережный көчөсү, 66-үй, телефон: 0774444693.
А Р Ы З (алимент өндүрүү жөнүндө)
Мен, Шаршенова Амалия Арстанбековна, Атабаев Жолчубай Досматович менен 2007-жылдан бери бирге үй-бүлө куруп жашап келгенбиз. Биздин нике 2007-жылдын 03-майында Аксы райондук, ЖААК бөлүмү тарабынан катталган (Никелешүү жөнүндө күбөлүк серия номери КР- ХI № 0400999).
Ортодогу турмуштан бир перзенттүү болгонбуз:
- Атабаев Аман Жолчубайвич, 2007-жылдын 08-августунда төрөлгөн.
Бирок 2014-жылдын январь айынан бери мамилебиз келишпей, үй-бүлө катары чогуу жашабай калганбыз. Ортодо чыр-чатагыбыз көбөйүп кетти. Ушул себептердин негизинде, экөөбүз бирге жашабайбыз.
Азыркы учурда балам менен чогуу жашаймын, Жолчубай жактан ата катары эч кандай жардам жок.
Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексинин 1-бөлүмүнүн 88-беренесинде «Ата-эненин жашы жетпеген балдарына алимент төлөө жөнүндө макулдашуусу болбосо жана эгерде алимент төлөөгө милдеттүү болгон ата-энеси туруктуу эмес, өзгөрүлмө эмгек акы алып турса же дагы башка кирешеси болсо, сот ай сайын өндүрүлүүчү алименттердин өлчөмүн туруктуу акчалай суммада же ошол эле учурда үлүш түрүндө (86-беренисине ылайык) жана туруктуу акчалай суммада өндүрүп берүүгө укуктуу» деп көрсөтүлгөн.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик алым жөнүндөгү мыйзамынын 6-беренесинин 1-пунктунун 3-бөлүмүндө «Ишти сотто кароонун жыйынтыгы боюнча мамлекеттик алым алуудан - алименттерди өндүрүү боюнча доогерлер бошотулат» деп көрсөтүлгөн.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандык процессуалдык кодексинин 31-беренесинин 3-пунктунда «Алиментти өндүрүп алуу жөнүндө, аталыкты тастыктоо жөнүндө, ата-энелик укуктардан ажыратуу же аларды чектөө жөнүндө доолор доогердин жашаган жери боюнча да коюлушу мүмкүн» деп көрсөтүлгөн.
Жогоркулардын негизинде, Кыргыз Республикасынын үй-бүлө кодексинин 85-88 жана 112 – беренелерин жана Кыргыз Республикасынын жарандык-процессуалдык кодексинин 31 жана 247 – беренелерин жетекчиликке алып:
СУРАНАМ:
Атабаев Жолчубай Досматовичтен – менин пайдама балам үчүн – Атабаев Аман Жолчубайвич18 жашка толгонго чейин, ар ай сайын иштеп тапканынын же дагы башка кирешесинин төрттөн бир өлчөмүндөгү алиментти өндүрүүнү.
Тиркеме:
- Никелешүү жөнүндөгү күбөлүктүн көчүрмөсү;
- Жашаган жерден тактама;
- Паспорттумдун көчүрмөсү;
- А.Ж. Атабаевтын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсү;
- А.Ж. Атабаевтын ден-соолугу тууралуу тактамасы;
Арыз ээси: Шаршенова А. А.