// //

Атам менен апамды ата-энелик укугунан ажырата аламбы?

2019.02.07, 14:15
1144

Ата-энелик укуктан ажыратуу үчүн бала арыз жазып сотко кайрылса болобу?

Ата-энебиз ажырашканы жатат. 5,6 жаштагы эки иним, 8-класста окуган бир иним бар. Үчөөнү тең атам алып калам десе, апам унчуккан жок. Мыйзам боюнча балдар апасына калабы?  Экөөнү тең ата-эне укугунан ажыратуу үчүн эмне кылыш керек?

Өзүм 20 жаштамын, студентмин. Эгер ата-энебиз ажыраша турган болсо, инилеримдин алар менен болушун такыр каалабайм. Ошого аларды укугунан ажыратам деп жатам.  Кандай жолдору бар?

Атам арыз жазып апамды укугунан ажырата алабы? Жолу болсо жардам бериңизчи. Кыскасы, балдар атам менен калышы керек же экөө менен тең калбашы керек. Апам аларды бага албайт. Анан дагы экөөнү ажыраштырбоо үчүн мыйзам чегинде эмне кыла алам? 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
07.02.2019, 14:22

Нурислам Раимжанов

Юрист

Урматтуу окурман, бизге кайрылып жардам сураганыңыз үчүн ыраазычылыгымды билдирем. Маселени чечүүгө кылган аракетиңиз жакшы. Үй-бүлөнү сактап калууга кылып жаткан аракетиңиз мени кубандырып жатат. 

Сотко түздөн түз "ата-энелик" укутан ажыратуусун талап кылып кайрыла албайсыз.  Бирок прокуратура же балдарды коргоо боюнча мамлекеттик орган аркылуу кайрылсаңыз болот. 

Атаңыз апаңыздын балдарга болгон укугунан ажыратуу үчүн сотко кайрылса болот. Бирок, ата-энелик угугунан ажыратуу боюнча тиешелүү негиздер болушу керек. 

Ата-эне (алардын бири) төмөндөгүдөй учурда ата-энелик укуктардан ажыратылышы мүмкүн, эгерде алар:

- ата-энелик милдеттерин аткаруудан, анын ичинде алимент төлөөдөн кыянаттык менен качса;

- жүйөлүү себептерсиз өз баласын төрөт үйүнөн (бөлүмүнөн), болбосо дагы башка дарылоо мекемесинен, тарбия берүү мекемесинен, калкты социалдык жактан коргоо мекемесинен же башка ушуга окшош мекемелерден алуудан баш тартса;

- ата-энелик укуктардан кыянаттык менен пайдаланса;

- балдарга зөөкүрдүк жасаса, анын ичинде анын тулкубоюна жана психикасына зомбулук көрсөтсө, жыныстык кол тийгистигине кол салса;

- аракечтик же баңгилик өнөкөт илдети болсо;

- өз балдарынын өмүрүнө же денсоолугуна, болбосо жубайынын же баланын ата-энесинин өмүрүнө же ден соолугуна каршы атайылап кылмыш жасаса;

- жашы жетпеген өз балдарынын селсаяктыгына жол беришсе;

- бала эмгегинин эң жаман формаларына балдарды тартса» деп корсотулгон, эгерде ушул негиздердин бири болсо анда сотко кайрылууга болот.

Көйгөйдү туура чечүү үчүн жакындарыңыздын кеңешин алыңыз. 

 

 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт