Видеооператордун айлыгы канча?
Саламатсызбы! Мен видеооператор болгум келет. Кайсы окуу жайга тапшырсам жана айлыгым канча болот?
Арстанбек Саалиев
Оператор-монтажёр
Салам! Мен атайын оператор-монтажёрлукту окуган эмесмин. Мектепти аяктагандан кийин бир телеканалга опертордун жардамчысы болуп жумушка орноштум. Айына 500 сом алчумун, кийин 2000 сомго көтөрүлдү. Бир жарым жылдан соң 8000 сом алып иштей баштадым. Үч жыл аралыгында 12 000 сомго жетти.
Жогорку окуу жайда окугуң келсе, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетиндеги телеканал опреторлорун даярдоо адистигине же Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтундагы телекоммуникация факультетине тапшырсаң болот.
Айлык акы тууралуу айта кетсем:
- Жеке телеканалдарда 15 000-25 000 сомдун тегереги
- Мамлекеттик телеканалдарда 7000-13 000 сомдун тегереги
- Фрилансер болуп иштесең 1500 долларга чейин табасың.
Баары тажрыйбадан жана кесипкөйлүктөн көз каранды.
2005-жылдары үйрөнүү үчүн оператордун өзүнө барыш керек болсо, бүгүнкү күндө интернеттеги видео сабактардан үйрөнүп алсаң болот. Азыр көпчүлүк операторлор үйрөнчүктөр. Техника жеткиликтүү баада, смартфондорго тартсаң да болот. Жакшы видео тартуу үчүн кымбат видео-фото аппаратура керек эмес. Эң башкысы каалоо жана жөндөм! Ийгилик!
Акжол Бекболотов
кинооператор
Биринчиден оператор сүрөткө түшкөндү эмес сүрөткө тартканды жакшы көрүш керек. Кантип жакшырак кылып тартам, канткенде кадрдын сапаты мыктыраак болот, жарыктын кайсы тараптан түшкөнү туура, деп ойлонуп, изденүү зарыл.
Адабият, химия, физика, математиканы жакшы өздөштүрүп алганың сага артыкчылык берет. Себеби, биздин кесип техникага байланыштуу. Анан, албетте тил билүү керек. Англис тилин жакшы билсең, эл аралык долбоорлордо иштеп, түркүн сынактарга катышууга жол ачылат.
Айлык туурасында бир өңчөй жооп берүү мүмкүн эмес. Эгер, сен жумушуңду чын дилиңен сүйүп, өз чөйрөңдөгү мыктылардын бири болсоң, жумуш берүүчүлөр сен каалаган сумманы төлөп берүүго ар дайым даяр болушат. Андыктан, бардык жерде сапатка умтулуу керек.