Төшөк маданияты: аял жана эркек укугу
Биздин дин жыныстык жашоодо жубайларды бир топ укуктарга ээ кылат. Аларды билүүгө аракет кылып көрдүк.
Изилдөөлөр көрсөткөндөй ажырашуунун бирден-бир себеби- төшөк кумарынын жетишсиздиги. Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын “Фатва” бөлүмүнүн адиси Рафаил Татиков жыныстык жашоодо көйгөйлөр жаралса ажырашып кетүү туура эмес дейт.
“Шариятта төшөктө аял менен эркектин укугу бирдей каралган. Жубайлардын каалоосу канчалык болсо, ошончо убакыт берүү керек. Ал эми динде төшөк үчүн эки айрым жолго түшүү туура эмес. Кандайдыр бир кемчиликтер болсо, жубайлар бири-бирине ачык айтып, аны чечүүгө аракет кылышы керек.”
Төшөк маселеси жубайлардын биринин өнөктөшүнө кайдыгер мамиле кылуусунан улам пайда болот. Көпчүлүк учурда аял кишинин фригиддүүлүгүнө алып келет деген жыйынтык чыгарылган. Психотерапевт жана сексолог Илья Комаровер айымдардын төшөктөгү муздактыгы тууралуу мындай дейт:
“Жыныстык катнаш учурунда кумар ала албаган айымдарды фригиддүү деп атап коюшат. Фригиддүүлүк- бул акыркы диагноз, “аялдын муздактыгы” деген маанини билдирет. Мындайча айтканда аял сексуалдык канааттануу, оргазм менен коштолушу керек болгон жыныстык катнашта денени сылап-сыйпоого таасир бербейт, эч нерсени сезбейт. Фригиддүүлүк деген диагноз бир тарабынан туура эмес. Себеби фригиддүү аял болбойт. Бул эркектин аялды кумар ала тургандай кылып белгилүү деңгээлде дүүлүктүрө албагандыгынан кабар берет.”
Динде жубайлар бири-бирине толук кандуу кумар тартуулоого милдеттүү. Жыныстык катнашта толук кумар албай калган түгөйлөр өнөктөшүн көңүлүн оорутуп албоо максатында көйгөйдү жашырып жаап коюшат. Бул көрүнүш динде дагы, медицинада дагы зыян экендиги айтылат.
Ортодогу муздактыктан өз алдынча арылууга болбостугун сексолог Илья Комаровер билдирет.
“Көйгөйү бар айымдар күйөсү жок деле текшерүүгө келсе болот. Көп аялдар “бул тууралуу жолдошума айтсам, таарынды, ишенбей, мени күнөөлөдү” деп айтышат. Бул болсо өз кезегинде өнөктөштөрүнүн сексуалдык билиминин жоктугунан кабар берет. Атайын таблеткаларды ичип, өз алдынча дарыланып, дүүлүгүнү стимуляция кылуу зыян, тыюу салынат. Сексолог, сексапатоллог деген адистер бар. Маселе жаралдыбы, аны жашырып, бекитип, чыдап жүрө бербестен ошолорго кайрылыңыздар демекчимин” – дейт сексолог.
Кумар алуунун ар кандай жолдору бар. Алсак, оралдык, аналдык, петинг, миннет жана кунилингус. Динде бул ыкмалар этикага туура келбейт.
“Бул жолдор менен кумар алуу, шарияттын көз карашы боюнча туура эмес. Эгер жолдошу тараптан миннет кылуу сунушу түшсө, аялы аны аткарып берүүгө милдеттүү эмес. Шариятта миннет "макрух таалим" болуп эсептелинет. "Макрух таалим" арамга жакын дегенди билдирет. Мына ушул себептен аалымдар бул нерсеге жол бербейт” - дейт “Фатва” бөлүмүнүн адиси.
Жыныстык жашоодо өнөктөштөр бири-бирине ар кандай ооруларды жуктуруп алышы мүмкүн. Кумар алууда 30дан ашык бактерия, вирус жана инфекциялар өткөрүлүп берилет. Негизгилери сүзөк, герпес, сифилис, хламидиоз жана педикулез. Акушер-гинеколог Гүлзина Мадраимова:
“Ар бир адам сексуалдык канаттандыруунун жолдорун өздөрү тандайт. Болгону оору жуктуруп алуудан коргонушу зарыл”- деди.
Жугуштуу оорулардын түрлөрү жана жугуу жолдору: https://bilesinbi.kg/article/169/