Шашылыңыздар! ЖРТга кошумча каттоо башталды
Жалпы республикалык тестти тапшыруу үчүн каттоодон өтүүгө жетишпей калгандар үчүн кошумча каттоо башталды.
КАЧАН?
2018-жылдын 14- же 15-майында тестке кошумча каттоо Бишкек шаарында жана Кыргызстандын бардык облустарында болуп өтөт.
Каттоо төмөнкү аймактарда жүргүзүлөт:
Баткен областы: Кадамжай, Баткен, Исфана, Кызыл-Кыя шаарчалары;
Талас областы: Талас шаары, Талас, Бакай-Ата, Кара-Буура, Манас райондору;
Иссык-Көл областы: Балыкчы, Каракол шаарлары, Григорьевка айылы, Тоӊ, Ак-Суу, Жети-Өгүз райондору;
Нарын областы: Нарын шаары, Нарын, Жумгал, Ак-Талаа, Кочкор, Ат-башы райондору;
Ош областы: Ош, Өзгөн шаарлары, Мырзааке, Араван айылдары, Кара-Кулжа, Ноокат, Кара-Суу, Чон-Алай райондору;
Жалал-Абад областы: Жалал-Абад шаары, Токтогул айылы, Ташкөмүр шаарчасы, Аксы, Ала-Бука, Ноокен, Сузак, Базар-Коргон, Тогуз-Торо, Сузак райондору.
КАЯКТА?
Каттоо тест борборлорунда (Жалпы республикалык тест өткөрүлө турган мектептерде) тесттин администраторлору тарабынан жүргүзүлөт.
Ар бир тест борборунда (мектептерде) каттоо 13.00дон 17.00го чейин жүргүзүлөт.
Ар бир райондогу же шаардагы каттоо өтө турган жер жөнүндө мектептерден же райондук (шаардык) билим берүү бөлүмдөрүнөн билсеӊер болот - Шаардык/райондук билим берүү бөлүмдөрү http://edc.kg/moin-kr/raiono.html
Сиз тест тапшыра турган мектептин жайгашкан жерин КР ББИМ сайтындагы Кыргызстандын мектептеринин картасынан билсеӊиз болот. http://bilim.akipress.org/profiles:3/school
КАТТОО АКЫСЫ КАНЧА ТУРАТ?
Каттоо акысы – негизги тест үчүн 320 сом, жана ар бир предметтик тест үчүн 320 сомду түзөт. Төлөмдөрдү РСК банкына төгүш керек.
КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин чечими боюнча 2017-жылы, мурдагы жылдардагыдай эле, КРнын ЖОЖдорундагы гранттык орундарга тапшырып, жарыяланган сынакка катышуу үчүн ар бир абитуриент сөзсүз түрдө негизги тестти тапшырууга тийиш. Профилдик предметтик тест Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги бекиткен, ЖРТнын милдеттүү болгон кошумча предметтери көрсөтүлгөн окутуунун адистиктеринин жана багыттарынын тизмесине ылайык аныкталат. Контракттык негиздеги окутуу бөлүмдөрүнө тапшыруу үчүн бардык окутуу формаларына (күндүзгү, сырттан окуу, кечки) негизги тест милдеттүү болуп саналып, профилдик предметтик тесттин жыйынтыктары абитуриентке дал келген багыттагы бөлүмдөргө кабыл алууда артыкчылык укугуна ээ кылат.
Окуу багыттарынын жана адистиктердин тизмеси жана аларга дал келген предметтик тесттердин тизмесин (1-тиркеме) сиз өз компьютериӊизге бул жерден жүктөп алсаӊыз болот. 1-тиркемеге киргизилбеген адистиктер контрактык негизде болуп саналат. Бул адистиктерге тапшырууну каалагандар негизги тесттин жыйынтыгы боюнча конкурска катышышат.
ТЕСТКЕ КАТТАЛЫШ ҮЧҮН КАНДАЙ ДОКУМЕНТТЕР КЕРЕК?
Каттоо үчүн төмөнкүлөр болушу керек:
- Каттоо төлөмдөрү төгүлгөндүгүн тастыктаган РСК банктын квитанциясы
- Инсанды күбөлөндүргөн документ (паспорт же аскердик күбөлүк, айдоочунун күбөлүгү);
- Инсанды күбөлөндүргөн документтерсиз тестке кирүү МҮМКҮН ЭМЕС!
- 3х4 см өлчөмүндөгү эки сүрөт;
- Орто билим жөнүндө аттестаттын же орто кесиптик билимди тастыктаган дипломдун түп нускасы (мурдагы жылдардын бүтүрүүчүлөрү үчүн); 2014-жылдын бүтүрүүчүлөрү мектептен алынып, директордун колу жана мектептин мөөрү басылган маалымкатты (справка) тапшырыш керек. Маалымкатта абитуриенттин сүрөтү чапталып, сүрөттө маалымкатты берген окуу жайдын мөөрү басышлышы милдеттүү түрдө талап кылынат.
Жогоруда саналган документтердин бири гана жок болгон учурда каттоо жүргүзүлбөйт!
Кошумча каттоо учурунда катталган абитуриенттер тесттин жыйынтыктары көрсөтүлгөн сертификатты каттоодон өткөн райондун (шаардын) райондук (шаардык) билим берүү бөлүмдөрүнөн алышат.
Кошумча суроолор үчүн 0312 66-48-38 номерине байланышсаңыздар болот.