Токтогулдун шакирти-Коргол акын
Комузчу, төкмө ырчы, улуу акын Токтогулдун шакирти Коргол Досуев 1890-жылы Ош облусунун Жаңы-Жол районуна караштуу Токтобек-Сай кыштагында кедейдин үй-бүлөсүндө туулган. Атасы Досу чебер комузчу болгон. Үй-бүлөсүн дыйканчылык, устачылык жана мергенчилик менен баккан. Коргол 14 жашка келгенде өнөрү өркүндөй баштайт. Акынга устаты Токтогулдун жана белгилүү комузчу Ниязалынын тийгизген таасирлери чоң. Корголдун ырлары кыскалыгы, сөздөрүнүн курч-таамайлыгы менен айырмаланып турат. Акын «Өмүрүм», «Ленин», «Куйручукка жооп» «Ак Бакай» аттуу бир канча ырларды жараткан. 1940-жылы Токтогулдун ырларын жаздырып калуу максатында Фрунзеге чакырылган. Коргоолдун аткаруусунда Токтогул акындын 19 ыры жазылып калган. Элибиздин белгилүү акыны 1962-жылы Токтогул совхозунда дүйнөдөн кайткан.
Осоке манапка ырдаганы
(үзүндү)
Карганы салып, казды алдың,
Карыган болуш Осоке,
Кашымкан сулуу кызды алдың.
Алты жашта нус болгон,
Айылда бойго жеткенде,
Айнектей сулуу кыз болгон,
Атасындай чал алып,
Армандуу күнгө туш болгон.
Калботого ырдаганы
(үзүндү)
Сандыгың толо алтының,
Манаптан мактап алганың.
Чакчаңдаба Калбото,
Чачыңдан көп жалганың.
Аш берген жерге Калбото,
Алты күн жатып ырдайсың.
Алкымыңды кызартып,
Алмайынча тынбайсың.
Букара-кедей тобуна,
Жакшылыкты кылбайсың.
Барпы ажыга ырдаганы
(үзүндү)
Калпам, кармоого келбейт мурунуң,
Күнөөсүздү айыңдап,
Кашайгыр эми курудуң.
Бериштени чакырып,
Иттей болуп уулудуң.
Аска бекен, шар бекен,
Алдын терең жар экен.
Алтымыш курттан бошотуп,
Аларга адам бар бекен?